Жаман-Даван агын суусу


Жаман – Даван Тогуз-Торо районунундагы суу, Ала буганын оң куймасы.
Узундугу - 64 км, ал абынын аянты - 335 чарчы/чакырым. Жаман-Тоонун түндүк капталынан башталып, жогорку агымында Сырткашка - Суу аталып, Туура - суу кошулгандан кийин Жаман - Даван аталат да, кууш өрөөн аркылуу түндүктү карай агат. Ортоңку жана төмөнкү агымында өрөөнү кеңейип, саздуу келет. Жылдык орточо чыгымы 2,6–3,5 м3/сек, эң көбү июнь – июлда, азыфевраль – мартта байкалат. Апрель – сентябрда кирип, октябрь – мартта тартылат. Негизинен кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат. Сугатка пайдаланылат.

2016-08-11 23 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11