Жамааттык коопсуздук


Жамааттык коопсуздук – БУУ Уставында белгиленип, ошол бүт дүйнөлүк уюм, жамааттык коопсуздук боюнча коопсуздуктун аймактык уюмдары тарабынан эларалык тынчтыкты коргоого жана баскынчылыкка каршы туруу максатында ишке ашырылуучу мамлекеттердин биргелешкен аракет тутуму. «Ж. к.» аталгысы 1922-жылкы Улуттар лигасынын алкагында эларалык мамилелерге кирген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, Ж. к. принциби юридикалык жактан БУУ Уставы башка эларалык келишимдер жана документтер (м.: 1975-жылдагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча Хельсинки кеңешмесинин корутунду актысы ж. б.) менен бекемделген.

2016-08-11 40 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11