Жалпетеков Абдразак


Жалпетеков Абдразак - (14. 1. 1901, азыркы Нарын облусу, Кочкор району, Дөң-Алыш айылы – 3. 6. 1982, ошол эле жер) – мугалим, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1967), КР Эл агартуусунун отличниги (1946). Караколдогу мугалимдерди даярдоо курсун бүтүрүп (1922), кийин Фрунзе шаарындагы мугалимдер институтунун күндүзгү окуу бөлүмүн бүтүргөн (1937– 39). Базар-Турук (1922), Кара-Мойнок (1922–27), Кызыл-Дөбө (1927–30), Нарын облусу мектептер боюнча инспектор, методист (1930–37), Кум-Дөбө (1939–40) башталгыч мектептеринде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, Талаа-Булак (1940–43, 1950–73), «Орток» орто мектептеринин директору (1943–50) болуп эмгектенген. Эмгек Кызыл Туу (1950), Ленин ордени (1954) жана медалдар менен сыйланган. Айылындагы «Орток» орто мектебине анын ысмы ыйгарылган (1993).

2016-08-11 45 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11