Жалил Муса Мустафович


Жалил Муса Мустафович - (Жалилов, Залилов) (2. 2. 1906, Татарстан, Мустафин кыштагы – 5. 8. 1944, Берлин) – татар акыны, Советтик Союзунун Баатыры (1956, өлгөндөн кийин). ММУнун адабият факультетин бүтүргөн (1931). ВЛКСМ БКнын татар балдар журналынын редактору (1931–41). Чыгармачылыгы 1919-жылдан башталган. 1925-ж. алгачкы «Биз баратабыз» деген ырлар жана поэмалар жыйнагы чыккан. «Өткөн жолдор» (1924–28), «Эпкиндүү партизан» (1930), «Кат ташыгыч» (1940) жана башка ырларында ошол кездеги жаштардын эпкиндүү эмгегин даңазалаган. «Алтын чач» (1941, СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1948) жана «Ильдар» (1941) операларына либретто жазган. «Маобит дептери» ырлар цикли (1957, Лениндик сыйлыгы) – адамдардын каармандыгынын жана туруктуулугунун гимни. 1968-ж. ал жөнүндө «Маобит дептери» аттуу фильм тартылган. 1942-ж. жарадар болуп туткунга түшкөн. Фашисттик түрмөдө өлтүрүлгөн.

2016-08-11 749 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11