Жалган Дмитрий 2


Жалган Дмитрий 2, («Тушино уруусу») (туулган жылы белгисиз – 1610) – Жалган Дмитрий 1 өлтүрүлгөндөн кийин падыша Иван IVнүн уулу Дмитриймин деп чыккан Польша баскынчылары менен Ватикандын ишенимдүү куйту кишиси. Ким экени белгисиз. 1607-ж. жайында Жалган Дмитрий II жетектеген поляк отряддары Россияга кол салып, 1608-жылдын июнунда Москвага жакындап келген. Москваны ала албагандан кийин анын жанындагы Тушино кыштагында кош түзүп, өлкөнүн борбордук аймактарына чабуул коюп турган. Көп узабай Жалган Дмитрий IIге жана баскынчыларга каршы элдик кыймыл башталган. Коомдо колдоосу жок В. И. Шуйский падышанын өкмөтү Жалган Дмитрий II менен күрөшүү үчүн шведдерден жардам сураганын шылтоолоп, 1609-ж. августта Польша ачык баскынчылыкка өткөн. Жалган Дмитрий IIге жамынуу пайдасыз болгондуктан, поляк отряддары Тушино кошунун таштап кеткен. Орус аскерлери 1610-ж. Тушино кошунун кыйраткан. Жалган Дмитрий II Калугага качып, ал жерде өзүнүн шериктери колдуу өлгөн.

2016-08-11 86 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11