Жалал-абад облустук кыргыз драма театры


Жалал-абад облустук кыргыз драма театры - Барпы атындагы 1955-ж. Өзгөн театрынын базасында түзүлгөн. Туңгуч режисеру А. Ниязалиев, Э. Токтогулов болгон. Театр Т. Абдымомуновдун «Борбаш» спектакли менен ачылган. Башкы ролдорду К. Медетбеков, Б. Алиев ойногон. Театр 1963-ж. жабылып, 1992-ж. шаардык театр катары ачылган. 1994-ж. облусу кыргыз драма театры статусун алган. 500 орундуу көрүү залы, гримдөө, костюм тигүү, сүрөт жана башка цехтери бар. Театр ачылгандан бери Р. Усмановдун «Эне түшү», А. Аксынын «Тактынын тагдыры», С. Раевдин «Дубал», М. Гапаровдун «Киотого кеткен жол» жана башка драмалар, «Жолборс кантип алданды» кыргыз эл жомогу, Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракесине карата О. Станбековдун «Курманбек баатыр», Г. Фигейредонун «Эзоп» пьесасы жана башка коюлду. Театрда Б. Каракеев, Н. Каракеева, А. Базарбаев, Б. Мадазимов, А. Айталиев, К. Атамкулова жана башка артисттер эмгектенишкен. Театр эл аралык театр фестивалдарына катышып, байгелүү орундарга ээ болгон.

2016-08-11 106 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11