Жалал-Абад областынын тарыхы


Жалпы маалымат Жалал-Абад облусу Кыргызстандын түш.-батыш бөлүгүн ээлейт. 1924-26-ж. округ, 1926-28-ж. кантон болгон, 1928-ж. Ош округуна бириктирилген. 1939-ж. 21-ноябрда облус катары уюшулган, 1959-ж. 27-январда жоюлуп, Ош облусуна кошулган. 1990-ж. 14-декабрда кайра өз алдынча облус болгон. Түндүгүнөн Талас, Чүй, чыгышынан Нарын, түштүгүнөн Ош облустары, түш.-батышынан жана батышынан Өзбекстан менен чектешет. Облус админ. аймактык жактан 8 районго (Аксы, Алабука, Базаркоргон, Ноокен, Сузак, Тогузторо, Токтогул, Чаткал), 68 айыл өкмөтүнө бөлүнөт. Анда 6 шаар (Жалал-Абад, Каракөл, Көкжаңгак, Майлысуу, Ташкөмүр, Кочкората), 7 шаарча (Көкташ, Кетментөбө, Кызылжар, Сумсар, Терексай, Токтогул, Шамалдысай), 415 кыштак бар. Облустун аянты 33,7 миң чарчы/чакырым (Кыргызстандын аянтынын 16,9%). Калкы 869,3 мин (республиканын калкынын 18,0%). Облустун аймагы аркылуу Бишкек-Ош-Жалал-Абад-Ош автомобиль жолу өтөт. Облустун аймагынын табияты Кыргызстандын башка жерлеринен өзгөчөлөнөт. Рельефи татаал, өтө тилмеленген жапыз, орто бийик жана тоолор түздүктүү, жал-адырлуу тоо аралык өрөөндөр менен айкалышып жатат. Эң бийик жери 4503 м (Чаткал кырка тоосундагы Авлетим чокусу). Жалал-Абад облусу Кыргызстандагы эн жылуу жер: абанын жылдык орт. температурасы 1-4 Сден 11-13 Сге чейин, аймак республиканын эң жаанчыл жери, Фергана тоо тизмегинин түш-батыш капталында жылына 1500ммге чейин жаан-чачын жаайт. Облустун аймагы суусу мол, дарыя тармагынын жыштыгы менен айырмаланат. Ири дарыялары-Нарын, Чаткал, Карадарыя жана алардын куймалары. Топурак-өсүмдүктөрү ар түрдүү келип, бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт. Дүйнөдөгү жаңгак-мөмө-жемиш токоюнун эң ири массиви да Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан. Алар Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш, ошондой эле Чаткал кырка тоосунун чыгыш капталдарын 1100 мден 2200 м бийиктикке чейин ээлейт. Токойдун жалпы аянты 630,9 миң га. Кен байлыктардын ичинен облус отун-энергетикалык ресурстарга бай. Нарын дарыясынын каскады курулган. Ошондой эле таш көмүрдүн (Көкжаңгак, Ташкөмүр), мунай менен газдын (Чаңгырташ, МАйлысуу, Избаскен, Кочкората ж. б.), сурьма (Терек), алтын (Макмал), полиметалл (Сумсар), марганец, озокерит, гипс ж. б. кендери бар. Ысык жана минералдуу суу булактары чыккан жерлер (Жалал-Абад, Майлысуу, Кочкората ж. б.) да арбын. Облустун аймагы 9-10 баллга чейинки жер титирөө болуучу регионго кирет. Жер титирөөнүн ж. б. табигый процесстердин , ошондой эле антропогендик таасирлерден сел, жер көчкү, суу ташкыны пайда болот. Жалал-Абад республикадагы экономикасы өнүккөн региондордун тобуна кирет. Ошондой эле 80 ден ашуун өнөр - жай ишканасы жайгашып, алар республиканын продукциясынын 30%ке жакынын иштеп чыгарат.

2016-08-11 350 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11