Жакыптын кыз издеши


Жакыптын кыз издеши — чоң эпизоддун кириш бөлүмү, эпикалык кеңири белгилүү сюжет, баатырдык үйлөнүү темасынын маанилүү деталдык белгилеринин бири.

Малыңды аяп жүрүп кайындап катын алып бербедиң, Кайыпдаңдын кызы Карабөрктү согушта колго түшүрүп алдым. Шооруктун кызы Акылайды атасынын айыбы үчүн тартууга алдым, жашым отузга жетти — катын алып берип аталык милдетиңден кутулгун — деп Манас атасы Жакыпка таарыныч айтат. Баласынын жөндүү сөзүн эп көргөн Жакып жанына жолдош алып, уулуна ылайыктуу кыз издеп, көп эл-жер кыдырып, акыры Кейип шаарына барып Кыйбанын каны Атемирдин кызы Санирабиганы жактырат. Кыздын атасына кайрылып, уулума кызыңы бер дейт. Атемир (Каракан) кызын бергиси келбейт, бирок Манастан чочулап Жакыпты качырыш үчүн атайылап оор салык — калың сурайт. Куда түшүп, ырымын кылып, кудасы берген кийитин алып Жакып элине кайтат. Ууда жүргөн Манас түш көрөт: чекеси кетик толгон ай койнунда жатыптыр. Ошондой эле түштү Алмамбет да көрөт. Кырк чоро бүт түшүндө толгон ай койнунда жатканын көрүшүптүр. Түштү Бакай жоруп акылы жетик аял ала турганын айтат. Чети кетик ай менин колумда туруп жетилди дейт Манас. Аны Бакай эркек балалуу болот экенсиң деп жоруйт. Уудан кайткан Манастарды үйүнө чакырып, Жакып кыз таап, кудалашып келгенин айтат. Калың үчүн сураган малы өңдөш айтылгандыктан табуу кыйын го дейт. Манас аял алса мал аямак белек деп эл Атемир талап кылгандай өңдөгү малдарды жыйнап келет. Ушундан тартып аял алганда калыңга жакындары менен туугандары кошумча кошуу адаты калат. Айтылган малдан канча эсе көп мал чогулуп, кызды алып келүүгө камынышат.

Баатырдын өзү, же атасы, кээде досу ага ылайыктуу жар издеп анын кыйынчылык менен табылышы, кызды алуу өтө оор тоскоолдуктарды жеңүү аркылуу ишке ашышы фольклордук чыгармалардагы кеңири белгилүү сюжеттерден. Эпизод Радлов жазып алган вариантта негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын баяндалат.

Саякбай Каралаевдин вариантында Жакыптын кыз издегени жок. Бирок, Манастын Каныкейди алышы белгилүү окуялардын бири катары айтылат. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Шооруктун окуясына улай келген өзүнчө бөлүм Чубак жөнүндөгү баян. Акбалта баласыз зарлап жүрүп талаадан бала таап алат. Чоң той берип, балага эч ким ылайыктуу ат таба албай турганда Кыдыр Алекисалам баланын атын Чубак деп коёт. Чубак алты жашка чыкканда Меке, Мединага окууга барып, алты жыл окуйт. Түшүнө Манас кирип, ага жолдош болууну самап, атасына келип, өзү мингидей ылайыктуу ат сурайт. Акбалтанын жылкысынан ага ылайык ат табылбай, Олуя чал Көгала тулпарды берет. Эрдигине чиренген Чубак Анжыян, Кашкарды чаап алып, Букарды камайт. Жекеге чыккан Каныкейге туруштук бере албай качып берет. Ууда жүргөн Манас түш көрүп, анын түшүн Бакай сага Чубак келет, Каныкейди аласың деп жоруйт. Каныкейден качкан Чубак Манастарга кезигет, артынан кууп келе жаткан Каныкей кайра тартат. Манас Кум-Булактын белинен Кумайык таап алат. Аны бага турган ылайыктуу ургаачы жалгыз Каныкей болгондуктан Каныкейге куда түшсүн деп Ажыбайды Жакыпка жиберет. Жакып болбой коюп, Бакай өзү барып кудалашат.

Фольклордук чыгармаларда кеңири жолугуучу эки сюжет — баатырдын өзүнө тете жолдош жана ылайыктуу жар табышы байланыштырылып бир берилген. Окуянын схемасы ушул темадагы сюжеттерге жакын түзүлгөн. Ошондой эле жолдош табарда, аял аларда түш көрүү өңдүү айрым деталдар мында да учурайт. Чубакка тиешелүү окуялар эпикалык оозеки чыгарманын талаптарына ылайык даяр сюжеттик деталдарды кеңири пайдалануу аркылуу ишке ашырылган.

Жакыптын кыз издеши Шапак Рысмендеевдин вариантында, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында жана башка манасчыларда бар жана негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын берилген.

2016-08-11 39 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11