Жакыпов Ыбрай


Жакыпов Ыбрай - (22. 10. 1918, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Жер-үй айылы – 4. 3. 2009, Бишкек) – тилчи, филология илимдеринин доктору (1967), профессор (1970). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1970), Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1941–45). Ташкенттеги рабфакты бүтүрүп (1932), Оттук, Тору-Айгыр айылдык (1933–35) жана Фрунзе шаардык № 5 орто мектепте (1938) мугалим болуп эмгектенген. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн (1941), ошол эле жерде окутуучу (1946–50), тил жана адабият кафедрасынын башчысы (1951–54), Кыргыз мамлекеттик сырттан окуу педагогика институтунун адабият факультетинин деканы (1955–59), Кыргыз мамлекеттик университетинин доценти, кафедра башчысы болуп эмгектенген (1964–90). Эмгектеринде кыргыз тилинин синтаксиси изилденген. 200дөн ашуун илимий эмгектеринин, окуу куралдарынын жана «Тагдыр» (1971), «Тилектештер» (1975), «Чакырык»(1981), «Эмгек, билим, тарбия – жетимди жетилткен» (1998) аттуу повесттердин автору. Кыргыз ССРинин Эл агартуу отличниги (1957). 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени (1985) жана медалдар менен сыйланган.

2016-08-11 52 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11