Жайпeр


Жайпeр – Индиянын түндүк-батышындагы шаар. Ражастхан штатынын административдик борбору. Аравалли тоосунун этегинде, деңиз деңгээлинен 431 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3,0 млн (2007). Эл аралык аэропорту бар. Ири жол тоому. Жеңил (кебез кездеме), химия, цемент, айнек-карапа, электр-техника өнөр жай ишканалары иштейт. Университет бар. Кустардык кол өнөрчүлүк (зер буюмдар, пилдин сөөгүн жана ташты чегелөө) өнүккөн. 1728-ж. негизделген. Сарай комплекси (бакчасы, бассейни жана Чандра-Махал ак сарайы менен), Жантар-Мантар обсерваториясы, Хава-Махал ак сарайы («Шамалдар сарайы», 18-кылымдын 2-жарымы, анын фасадында 953 терезе бар) сакталган.

2016-08-11 31 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11