Жайнаков Апас


Жайнаков Апас - (16. 3. 1960-ж. туулган, Баткен району, Орто-Боз айылы) – обончу, КРдин эл артисти (1995). 1981–83-ж. Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын алдындагы 2 жылдык студияда, Б. Бейшеналиева атындагы КМИИде окуган. 1995–97-ж. Баткен элдик театрын жетектеген. 2001–06-ж. К. Скрябин атындагы Агрардык университетте маданият таануу кафедрасында иштеген, 2006-жылдан Баткен облусу театрынын директору. 50дөн ашык лирикалык, патриоттук ырлардын автору, айрыкча «Кыргыз жери», «Өрүкзар», «Өзгөчөм», «Ак гүлүм», «Бийге чакыруу», «Кыргызымдын сулуу кыздары» жана башка чыгармалары белгилүү. 1988-ж. Польшада өткөн Фольклордук топтордун бүткүл дүйнөлүк эл аралык фестивалынын лауреаты, республикалык «Студенттик жаз» фестивалдарынын, конкурстардын жеңүүчүсү.

2016-08-11 98 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11