Жайчыбеков Бекбосун Карабекович


Жайчыбеков Бекбосун Карабекович - (27. 11. 1948-ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Корумду айылы) – сүрөтчү, КРдин мамлекеттик туусунун авторлорунун бири (1991). КР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (2007). Алматыдагы көркөм-сүрөт окуу жайын (1972), Москва полиграфия институтун бүтүргөн (1982). «Мектеп» (1983–89), «Кыргызстан» (1996–97), «Адабият» (1989–92), «Шам» (2005–07), «Кут аалам» (2007–10) басмаларында улуу көркөм редактор, башкы сүрөтчү болуп иштеген. Жайчыбеков Кыргызстандагы балдар китептеринин көрүнүктүү сүрөтчүсү. Түркмөнстан, Беларуссия, Казакстан, АКШ, Швейцария мамлекеттеринин китеп басмаларынын, ошондой эле «Сорос-Кыргызстан» фондунун китептерин көркөмдөөгө катышып, республикалык, эл аралык китеп конкурстарынын жана көргөзмөлөрүнүн жеңүүчүсү болгон. Балдарга арналган жана окуу китептерин көркөмдөөдө сиңирген эмгеги үчүн КР билим берүүсүнүн отличниги (2007), КР маданиятынын мыкты кызматкери (2007) наамдарын алган.

2016-08-11 235 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11