Жагалмай (тамга)


Жагалмай (тамга) - бугу, моңолдор, сары багыш, черик, мурзаке (адигине уруулук тобу) урууларынын эн тамгаларынын аталышы катары маалым. Эн тамга эзелтеден менчиктин, көз каранды эместиктин символун аныктап келет. Жырткыч куштар байыртадан тотемдик ишенүүнүн объектиси катары белгилүү. Жагалмай - кыргыйдан кичине, турумтай сыяктуу алгыр куш. Эн тамгалардын параллелдери байыркы кытай жазма булактарында да чагылдырылат. Белгилей кетчү маселе, жагалмай тамганын байыркы кыргыздардын эн тамгасы менен да генетикалык байланышы байкалат. Аталган кыргыз урууларынын эн тамгалары крест же учуп бараткан кушту элестетет. Бул анын мифологиялык элесин жана маанисин сыпаттайт. Чыгыш теги эзелки сөз эки маанини аныктайт. «Загал» бурят-моңгол тилдеринде кызыл түстүү аргымакты, бугу-маралды, телеуттарда ыйык аргымакты туюндурган шамандын бубенин, якуттарда канаттуу атты аныктаган. Сөз жасоочу - май мүчөсү канаттууну, тагыраак айтканда, канаттуу жырткыч, алгыр кушту туюндурат. Изилдөөчүлөр «май» сөзүн Умай (Эне) менен параллель карашат. Умай - байыркы түрк доорунан белгилүү Кудай, жаңыдан дүйнөгө келген балдардын колдоочусу. Умай (иранча-хума) эзелки ирандыктардан (перстерден) түрк урууларына тараган мифологиялык ыйык Кудай - эне. Жагалмай - байыркы адамдардын кыялында Көк Теңир менен Жараткандын жана анын колуктусу болгон Жер эне кудайынын ортосундагы байланышчы, кабарчы милдеткерлигин аткарган. Бир эле мезгилде жагалмай ак шамандын «жардамчы духуна» айланып, ал эми бубен болсо жагалмай алгыр кушунун элесин чагылдырган. Жагалмайдын элеси түшүрүлгөн белгилер Түштүк Сибирь (Хакасия, Тува, Алтай), Монголия, Кыргызстандын аймагындагы байыркы эстеликтерде көп жолугат.

2016-08-11 102 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11