Жабуу иштери


Жабуу иштери – имараттын чатырын орнотуп, үстүн жаап жана жабуу материалдарын даярдоочу курулуш иштери. үйлөрдү жабуудан мурда темир-бетон такталарынын бетин цемент же асфальт-бетон менен тегиздейт, андан соң буудан, жылуулуктан сактоочу материалдар жабыштырылып, коргоочу катмар төшөлөт. Буудан сактоочу катмар катары пергамин, рубероид (кара кагаз) салынат. Жылуулоо катмары көңдөй такталардан турат. Алардын ортосундагы жиктер мастика менен толтурулуп, үстүнө материал жабыштырылат. Жабыштыруу үчүн ысык же муздак мастика колдонулат. Жабуучу материалдар суу өткөрбөөчү, суукка чыдамдуу, отко күйбөөчү сапаттарга ээ болуп, наркы төмөн жана эмгек аз чыгымдалууга тийиш. Алар органикалык материалдан (тактай, битум, кара май сиңирилген калың кагаз), силикаттан (шифер, черепица, асбест-цемент) жана металлдан жасалат. Жабуучу материалдар органикалык илээшкек заттардан – битум, кара май, гудрокам жана битум полимерлери сиңирилген картон кагаздардан, айнек булалардан жасалат. Кара кагазды нефть (мунайзат) битумуна салып, анын бир бетине кайра нефть битумун шыбап, рубероид чыгарылат. Картонду кара майга салып, беттерине ошол эле кара майды шыбаганда толь алынат. Анын эни 750, 100 жана 1025 мм болот. Асбест менен портланд цементинен жасалган астбест-цемент узакка чыдамдуу келет. Ошондуктан турак үйлөрдүн, имараттардын жана коомдук жайлардын үстүн жабууда колдонулат. Өнөр жай имараттары – негизинен кара кагаз, рубероид, пергамин жана гидроизол, турак-үйлөр асбест-цемент такталары (шифер), металл черепицалар жана бышырылган жука черепицалар менен жабылат.

2016-08-11 59 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11