Жаак-таш Тарагай


Жаак-таш Тарагай – Жети-Өгүз районундагы суу, Чоң Нарындын оң курамы. Узундугу 36 км, алабынын аянты 1173 чарчы/чакырым. Кум-Төр суусу менен Ара-Бел суусунун кошулушунан пайда болот. Кум-Төр Петров мөңгүсүнөн башталат. Жогорку бөлүгүндө Жетим-Бел жана Ак-Шыйрак кырка тоолорун бөлүп турган капчыгай аркылуу, андан чыкканда байыркы мореналуу түздүк менен түштүк-батышка карай агат. Түздүккө чыкканда жай агып, салааларга бөлүнөт. Төмөнкү агымында бир нук менен агып, босоголорду пайда кылат. Мөңгү, кар жана жаан-чачын сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 11,3 м3/сек. Июлда кирип, сентябрда тартыла баштайт.

2016-08-11 30 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11