Жаа тартуу


Жаа тартуу — согушта, уучулукта, мелдештерге жаа менен жебе атуу өнөрү. Ж. т. өтө зор чеберчиликти, кайраттуулукту, күчтүүлүктү талап кылган. Жааны тизелеп олтуруп, жөө да, атчан да, басып баратып, чаап баратып тартышкан. Ж. т. чеберчилигинин мыкты үлгүлөрү "Манас" эпосунда өтө таасын сүрөттөлгөн. Көкөтөйдүн ашында Манастын чоролору төрткө бөлүнүп жоокердик түрдүү оюндарды көрсөтөт (Сагымбай Орозбаков, 3. 166— 174). Бири-бирине бет маңдай турушуп жаа да тартышат:

Шарт этип саадак тартылды,

Өнөрү журттан артылды.

Саадактын огу жеткени,

Бөркүнө таккан чокуну,

үзгөн бойдон кеткени.

Саадактан көрдү огуну

Баары кыркып өтүптүр

Тебетейдин чогуну (Сагымбай Орозбаков, 3. 171).

Ошол эле Көкөтөйдүн ашында Кыргылчалдын асманга ыргыткан тебетейин чоролор жерге түшүрбөй эт бышымга чейин асманда атып турганы сүрөттөлөт (Сагымбай Орозбаков, 3. 167 —168). Буга дагы бир мисал орус совет фольклорчусу Р. С. Липецтин "Түрк-моңгол эпосторундагы баатырдын жана анын атынын образы" (М., 1981) деген эмгегинде Манастын чоролорунун тарткан жааларынын да жебеси мээлеген бутага бир нече буюмдун тешиктеринен өтүп барып тийгендиги көңүлгө алынган. Учуп баратканда жебе талааларды өрттөп, дарактарды жарып кеткени, керек болсо баатырлар жебени кууп жетип кармап да алгандыгы белгиленген (86-б.). Албетте эпосто Ж. т-ну сүрөттөөдө эпостук апыртуулар да колдонулган. Ошого карабастан эпостогу Ж. т. чеберчиликтеринин чагылдырылышы кыргыз элинде анын өнүккөндүгүн айгинелеп турат.

2016-08-11 123 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11