Зергер суу


Зергер, Заргар (иран тилдеринде зар – алтын, ге гар – тоо) – Өзгөн районундагы суу, Жазынын оң куймасы. Фергана тоо тизмегинин түштүк - батыш капталынан баштaлган Талды суу менен Түрпү суунун кошулушунан пайда болот. Узундугу. (Талды - сууну кошкондо) 54км (Талды суу менен Түрпү суу кошулган жерден Жазыга чейин 33 км),алабынын аянты 216 чарчы/чакырым. Алабынын деңиз деңгээлиндеги орточо бийиктиги 2020м. Күлдөбөс тоосунан (бийиктиги 2995 м) башталып, жогорку агымына бир нече булактар куят. Ничке куймасы кошулгандан кийин Жазы өрөөнгө чыгат. Куймалары: Ничке (27 км), Кутурган (10 км). Жылдык орточо чыгымы 2,92 м3 /сек Негизинен кар, жаан-чачын, булак сууларынан куралат.

Кыргызстандан географиясы, мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору Б.2004.

2016-08-11 74 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11