Зеравшан дарыясы


Зеравшан дарыясы, 3арафшон (жогорку агымы Матча) Тажикстан менен Өзбекстандагы дарыя. Узундугу 877 км, алабынын аянты 17,7 миң чарчы/чакырым. Көк-Суу тоо тоомундагы 3еравшан мөңгүсүнөн башталып, төмөнкү бөлүгү түздүк аркылуу агат. Орточо чыгымы 162 м3/сек. Сугатка пайдалангандыктан, Аму-Дарыяга жетпейт. Катта-Коргон жана Куюмазар суу сактагычтары курулган. 3еравшандын төмөнкү агымы Аму-Бухара каналы аркылуу Аму-Дарыянын суусу менен толукталып турат. 3еравшан өрөөнүндө эл жыш отурукташкан. Боюнда Пенжикент, Самаркан, Бухара жана башка шаарлар жайгашкан.

2016-08-11 39 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11