Зейнеп Коркмаз


Зейнеп Коркмаз - (15. 5. 1922-ж. туулган, Түркия, Невшехир) түрк тилчиси, филология илимдеринин доктору (1950), профессор (1964). Измирдеги кыздар лицейин (1940), Анкара университетин бүтүргөн (1944). 1945-жылдан ушул эле университетте илимий ассистент, түрк тилдери боюнча ассистент (1948) болуп иштеген. 1954-55-ж. эски түрк тилдери боюнча адис катары Гамбург университетине жиберилген. 1965-66-ж. Англия, Германияда (Мюнхен, Марбург, Берлин, Гамбург) илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөн. Анкара универсимтетинин ректору (1981-83), Гази университетинде эмгектенген (1991). Түрк тилдери боюнча 16 китеп, 250гө жакын илимий макала жарыялаган. Айрымдары Германия, Австрия, Россия, Венгрияда жарык көрүп, өкмөттүк илимий сыйлыктарга (35ке жакын) ээ болгон. Эмгетери Gramer Terimleri Sozlugu. Ankara, 1992, Turk Dili Uzerine Arastirmalar. 1-2-3, Ankara (1995, 1997, 2007), Turkiye Turkfesi Grameri (§ekil Bilgisi). Ankara, 2007.

2016-08-11 96 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11