Зарлыкбеков Жолдошбек



Акын Жолдошбек Зарлыкбеков Кочкор районунун Кара-Суу айылында 1959-жылы 19-январда туулган.

Мектепти бүткөндөн кийин 1977–1979-жж. Германияда аскердик кызмат өтөгөн.

1979–1981-жж. колхоздо чабан, райондук ооруканада "Тез жардам" автомашинасында айдоочу,

борбор шаардагы Фрунзе заводунда жумушчу болуп иштеген.

1981–1986-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнөн билим алып, 1984-жылдан "Кыргызстан маданияты"

жумалыгына корректор, 1986-жылдан "Ленинчил" жаш" гезитинде (кийин "Жаштык жарчысы" деп аталган) кабарчы,

бөлүм башчы, 1992-жылдан "Эркин-Тоо гезитинде бөлүм башчы, 1994–1995-жж. Кыргызстан маданияты" жумалыгында бөлүм башчы,

1995–2005-жж. "Асаба", "Агым" гезиттеринде кабарчы, бөлүм башчы, 2005–2007-жж. "Бишкек таймс" гезитинде бөлүм башчы,

2007–2008-жж. "Де-Факто" гезитинде редактордун орун басары, 2009–2010-жж. "Аалам" гезитинде бөлүм башчы болуп иштеп келет.

1973-жылы алгачкы ыры облустук "Нарын правдасы" гезитинде жарыкка чыккан.

1990-жылы "Алыкулдун Акбоз-Ат" фестивалынын лауреаты болгон.

1994-жылы мыкты журналисттик эмгек боюнча республикалык чыгармачыл сынакта "Эркиндиктин үч жылы"

аттуу макалалар топтому үчүн жеңүүчү болуп, Кыргызстан Журналисттер союзунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

1986–1990-жж. Кыргызстан ЛКЖС БКнын бир нече Ардак грамоталары менен сыйланып, 1994-жылы Президенттик стипендиант болгон.

2001-жылы "Борбордук Азия жазуучуларынын жаңы миң жылдыктагы чыгармачыл байланышы "Эл аралык форум" сыйлыгынын лауреаты болгон.

2002-жылы массалык маалымат каражатында коомдук сакчылыктын абалын, кылмышкерликке каршы күрөшүү жана ички иштер органдарынын ошол

багытта алып барган иштерин чагылдырганы үчүн Ички иштер министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

2003-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3 даражадагы диплому менен сыйланган.

2009-жылы Ички иштер министрлигинин "Кыргыз милициясына 80 жыл" юбилейлик медалы менен сыйланган.

1992-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

2016-08-11 62 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11