Заркунов Асан


Жазуучу, журналист Асан Заркунов Нарын районунун Миң-Булак айылында 1936-жылы 6-апрелде туулган.

1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Филология факультетин аяктаган.

1942–1952-жж. Куйбышев, Оттук орто мектебинин окуучусу 1952–1958-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин студенти,

1958–1959-жж. «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында адабий кызматкер, 1959–1998-жж. Куйбышев атындагы (азыркы А. Тыныбек)

орто мектебинде кыргыз тили, адабияты сабагынын мугалими, директор болуп иштеген. 1998-жылдан пенсияда.

1977-жылы «Сыйкырдуу ариптер» аттуу повесттер жыйнагы жарык көргөн. «Жоокердин жары», «Жоогазындар гүл ачаарда» пьесаларын жазган.

Кыргыздын улуу манасчыларынын бири Тыныбек Жапый уулу, анын уулу санжырачы, комузчу, акын Актан Тыныбеков,

Кыргыз Республикасынын эл артисттери М. Баетов, Ж. Шералиев жөнүндөгү макалалары республикалык гезит-журналдарга жарыяланган.

1977-жылы «Кыргыз Эл агартуу отличниги», 1985-жылы «СССР Эл агартуу отличниги» төш белгилери менен сыйланган жана

1993-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» ардактуу наамына, ошондой эле Нарын обкомунун Ардак грамотасы,

Орто Азия аскер округунун Ардак грамотасы, Кыргызстан КП БКнын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Кыргыз ССРинин 5 съездинин делегаты болгон.

1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун, 1997-жылдан Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун мүчөсү.

2016-08-11 49 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11