Заряддын сакталуу закону


Заряддын сакталуу закону - туюк системанын бардык бөлүктөрүндө заряддардын алгоритмикалык суммасы өзгөрбөйт деген жаратылыш закондорунун бири: q1+q2+q3+...+qn=const. Закон 18кылымда белгилүү болуп, англис физик М. Фарадей тарабынан тажрыйба жүзүндө далилденген. Жаратылыштагы бардык зат атомдордон, атом электрон, протон жана нейтрондордон тургандыктан, нерсенин электр заряды алардын элементардык электр заряддарынын суммасынан турат. Ал элементардык заряд болуп эсептелген электрон зарядынан бир нече (бүтүн санга) эсе чоң болот: q=Ne. Нерсени электрлөө процесси бул сүрүлүүнүн же нерсе менен тийишүүнүн натыйжасында нерсенин белгилүү бир сандагы электрондорун кошуп алышы же өзүнөн бериши. Электронду кошуп алса нерсе терс, берсе оң заряддалат. Мындай туюк системада заряддын сакталуу закону аткарылат. Микроскопиялык нерсе электрленген мезгилде заряддалган бөлүкчөлөрдүн саны өзгөрбөйт, алар мейкиндикте гана бөлүштүрүлөт. 3аряддалган бөлүкчөлөр бир нерседен экинчи нерсеге өтөт. Элементардык бөлүкчөлөр физикасында бөлүкчөлөр бири бирине айланат жана бөлүкчөлөрдүн саны сакталбайт, ал эми заряддын сакталуу закону так аткарылат. Ал энергиянын сакталуу закону менен бирге электрондун турактуулугун түшүндүрөт.

2016-08-11 194 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11