Зардалек нефелендүү сиенит кени


'Зардалек нефелендүү сиенит кени Баткен районунда, Зардалек сайынын баш жагында, Алай кырка тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 1800–3200 м бийиктикте. 1961–62-ж. издөө баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы силур, девон, Таш-Көмүр мезгилдеринде пайда болгон сланец, акиташ жана доломит тектеринен түзүлгөн. Аларды пермь-триас мезгилинин кесек жана майда кристалдуу нефелин сиениттери, жегич сиениттер, габбролор жана монцониттер жиреп чыккан. Руда тулкулары содалитүү, нефелин-содалиттүү, нефелиндүү жана канкриниттүү сиениттерден турат. Нефелиндүү сиениттеги алюминий кычкылынын өлчөмү 20,32–24,60%, чакмакташ модулу 3,76, жегич модулу 0,91. Аллюминий кычкылынын болжол запасы 202 млн т.

2016-08-11 34 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11