Запорожье


Запорожье - (1921-ж. чейин Александровск) Украинадагы шаар (1806-жылдан). Украинанын борборунда өлчөмү төрттөн. Запорожье облусунун администрация борбору. Днепр дарыясындагы порт. Калкы 787,3 миң (2007), шаар аймагы менен 1,1 млн) темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Кара («Запорожсталь» комбинаты, «Днепрспецсталь» заводу жана башка) жана түстүү (титан-магний комбинаты, алюминий заводу) металлургия, машина куруу (электр-техника өнөр жай, «АвтоЗАЗ», «Моторостроитель» өндүрүш бирикмеси жана башка), химиялык, коксхимиялык, жеңил, тамак-аш татымал өнөр жай, Днепр ГЭСи иштейт. Төрт ЖОЖ (анын ичинде университет), 3 театр, край таануу жана сүрөт музейлери бар. 1770-ж. негизделген.

2016-08-11 32 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11