Запольский Виктор Михайлович



Жазуучу Запольский Виктор Михайлович Түркмөн Республикасынын Ашхабад шаарында 1966-жылы 6-ноябрда туулган. 1966-жылы В. И. Ленин атындагы Москва мамлекеттик педагогикалык институтун аяктап, мектепте мугалим болуп иштеген. 1972-жылы журналисттик кесипке өтүп, «Комсомолец Киргизии» гезитинин башкы редактору, «Вечерний Фрунзе» гезитинин башкы редактору, 1991-жылдан «Дело №...» гезитинин башкы редактору болуп иштеп келе жатат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин легендарлуу парламентинин депутаты болгон. 1975-жылы жана 1978-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Грамотасы менен сыйланган. Анын «День запоздалых визитов», «Подарок» повесттери жана «Портрет», «Качели» аңгемелери «Литературный Киргизстан» журналына жарыяланган. 1988-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

2016-08-11 77 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11