Закирова Сонунбала



Жазуучу Сонунбала Закирова Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында 1937-жылы 11-январда туулган.

1951-жылы Корумду айылындагы жети жылдык мектепти, 1954-жылы В. В. Маяковский атындагы

Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институттун кыздар мектебин, 1958-жылы ушул эле институттун

орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1959–1973-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы,

1973–1992-жж. мугалимдердин илимий-педагогикалык «Эл Агартуу» журналында жооптуу катчы болуп иштеп,

1992-жылы Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияга чыккан.

Чыгармачылык жолу студенттик жылдарында Н. Носовдун «Бобик Барбостукунда конокто»,

«Болгар эл жомоктору» деген китептерди орус тилинен кыргыз тилине которуу менен баштаган.

Кийинчерээк өзү очерктерди, аңгемелерди жазган.

1978-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун «Ардак грамотасы» менен сыйланган.

1982-жылы «Эл агартуунун отличниги» болгон.

1987-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам ыйгарылган.

1992-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

2016-08-11 35 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11