Закиров Сапарбек


Закиров Сапарбек-Чүй областынын Жайыл ройонунда 1931-жылы төрөлгөн. Закиров Сапарбек – окумуштуу, педагог, кыргыз адабият таануу илимине кызмат өтөгөн.

1953-ж. КМУнун филология факультетин, 1956-ж. аспирантураны ийгиликтүү бүтүргөн. 1993-ж. профессор, 2001-ж. Кыргыз Республиканын билим берүүсүнө "эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наамга ээ болгон.

Белгилүү фольклорист Закировдун "Кыргыз элинин макал-лакаптары" (1962) деген монографиясында макал-лакаптардын классификациясы, негизги идеясы, тематикасы, көркөмдүк өзгөчөлүгү, поэтикасы кеңири изилдөөгө алынган. "Кожожаш" эпосунун кээ бир маселелери" (1960), "Эр Төштүк" эпосунун варианттары жана идеялык көркөмдүк өзгөчөлүктөрү" (1960), "Кыргыздын элдик лирикаларынын жанрдык өзгөчөлүктөрү" (А. Токомбаева менен бирге) (1964), "Эл чыгармачылыгы – эл кенчи" (1981), "Кыргыз санжырасы" (1996) деген илимий эмгектери жарык көргөн."Кыргыз санжырасы" деген эмгеги кыргыз тарыхына, элдик оозеки чыгармачылыгына, этнографиясына байланыштуу бай материалдарды камтыган фундаменталдуу эмгек деп баалоого болот.
Окумуштуунун эң негизги эмгектеринин бири "Кыргыз эл оозеки чыгармачылыгынын тарыхынын очерки»"(1973), «Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерки" (1988). Элдик оозеки чыгармачылыктын бардык жанрларынын тарыхы жана акындар чыгармачылыгы боюнча жазылган фундеманталдуу эмгек катары бул очерктер бүгүнкү күнгө чейин окумуштуулар, мугалимдер, студент-аспиранттар пайдаланып келген бирден бир негизги эмгек болуп саналат.

Ошондой эле кыргыз фольклористикасынын түрдүү проблемалары боюнча акындар чыгармачылыгы, лирикалык жанр, эпикалык жанр, тарых, санжыра, элдик баатырлар баяны боюнча 100дөн ашуун илиьий макалалары мезгилдүү басма сөз беттеринде жарыяланган. Дыйкан илимпоз кыргыз элдик эпосторунун, поэмаларынын тексттерин басмага даярдап, илимий баш сөздүн коштоосунда жарыялаган. Мис., "Курманбек", "Жаныш, Байыш" (1970), "Жоодарбешим", "Сейитбек" (Т. Абдракунов менен бирге) (1971), "Кожожаш", "Олжобай менен Кишимжан" (А. Токомбаева менен бирге) (1974), "Ак Мөөр" (1971), "Элдик поэмалар" (1973) ж. б.

Ал өзүнүн мазмундуу жашаган өмү-рүндө топтогон бай тажрыйбасын жаш муундарга тартуулап, 1978-ж. баштап, өмүрүнүн акырына чейин КМУнун кыргыз филология факультетинде иштеп, "Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгы", "Кыргыз акындар чыгармачылыгынын теориясы" боюнча илимий жана теориялык жактан терең иштеген лекцияларын окуган. "Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгы" курсу боюнча программа (1989), "Фольклордук практиканы жүргүзүү" боюнча программа (1994) иштеп чыккан. Ал К. Артыкбаев, А. Абдразаков, Л. үкүбаева менен бирдикте филология факультеттеринин студенттери үчүн "Кыргыз акындарынын чыгармачылыгы" деген окуу куралын жазган.

2016-08-11 91 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11