Захаров Геннадий Алексеевич


Захаров Геннадий Алексеевич - (1941-ж. туулган, Фрунзе) медицина илимдеринин доктору (1996), профессор (2001). КММИни (1963), Кыргызстан ССР ИАнын Бийик тоо физиологиясы жана эксперименттик патология институтунун аспирантурасын (1967) бүтүргөн. Ошол эле институтта кенже, улук илимий кызматкер, топтун жетекчиси, 1988-жылдан лаборатория башчысы. Патофизиология боюнча адистер 190дон ашык илимий эмгек, анын ичинде 3 монографиясы бар. Эмгектери: Адаптация к высокогорью при гормональных нагрузках (в соавторстве). Ф., 1975, Экспериментальный инфаркт в условиях горного климата (в соавторстве). Ф., 1978.

2016-08-11 84 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11