Загулов Жакен


Загулов Жакен - (21. 7. 1931, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Кара-Ой айылы 1. 9. 2005, Бишкек) экономика илимдеринин доктору (1977), эл чарбасын башкаруу жана пландоо боюнча адис. Москва автомобиль-жол институтун (1955) жана аспирантурасын (1961) бүткөн. Фрунзедеги автобазанын башкы инженери, директору (1955-64), Кыргыз CCP Транспорт министрлигинде башкармалыктын башчысы (1964-66), Фрунзе автомобиль кураштыруу заводунун, «Кыргызавтомаш» өнөр жай бирикмесинин директору (1966-83), ФПИнин профессору (1983-жылдан). 50дөн ашуун илимий эмгеги, анын ичинде 9 монографиясы жарык көргөн. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Вопросы экономики автотранспорта в Киргизской CCP. Ф., 1966, Эффективность использования основных производственных фондов автомобильного транспорта Киргизской CCP. Ф., 1973.

2016-08-11 52 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11