Зааранын токтобой калышы


Зааранын токтобой калышы ар кандай ооруларда (урологиялык, неврологиялык, гинекологиялык) байкалат.

Зааранын токтобой калышы айрым оорулардын белгилери болуп саналат. Ал таптакыр (абсолюттук), бир аз жана түнкүсүн токтобой калуу болуп бөлүнөт. Зааранын токтобой калышына төрөт учурунда, ар түрдүү операция мезгилинде табарсыктын кырсыкка учурашы, өнөкөт цистит, борбордук же четки нерв системасынын айрым оорулары, простата безинин аденомасы, заара каналынын ичкерип сезгениши, бөйрөк түтүкчөсү табарсыкка ачылбай, жыныс органдарына же көтөн чучукка куюлушу себеп болот.

Заара такыр токтобой калганда табарсыкта кармалбай түз сыртка агып турат. Бул табарсыктын же заара чыгаруучу түтүктүн тубаса кемтигинде болот. Зааранын токтобой калышынын бул түрү операция жолу менен дарыланатомиялык Зааранын бир аз кармалбай калышы көбүнчө аялдарда төрөт мезгилиндеги жабыркоодон болот, ошондой эле нерв системасынын ооруларына да байланыштуу. Мында күлгөндө, корккондо, чүчкүргөндө заара бир аз чыгып кетет. Аны дарылоодо башка ыкмалар менен айыктыруучу гимнастиканын мааниси зор. Бул түрү байкалганда врачка кайрылып чыныгы себебин таап жана негизги ооруну дарылоо керек. Түнкүсүн заарасы токтобой калган балдарды жатарда, түнкүсүн ойготуп заара ушаттыруу, кечкисин суюктукту аз берүү сунуш кылынат. Бул 12—16 жашка чыкканда жоголо баштайт. Бирок себебин эрте таап, эрте дарылоо жакшы натыйжа берет. Заараны териге тийгизбөө үчүн заара жыйнагычты пайдалануу, күн сайын жуунуп, чурай жана санды вазелин менен майлоо керек. Айрым ооруларда (цистит, простата безинин аденомасы, заара жолунун таш оорусу жана башка) оорулуунун такай заара кылгысы келип турат. Бул абалды Зааранын токтобой калышы менен чаташтырууга болбойт.

2016-08-11 74 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11