Ысык-көл району

Ысык-көл районуЫсык-көл району 1930-жылы уюшулган. Батышынан Тоң, чыгышынан Түп райондору, түндүгүнөн Кемин району жана Казак республикасы менен чектешип, түштүгүнөн Ысык-Көл чулгайт. Аянты 4,8 миң чарчы/чакырым. Калкы 77,08 миң (1993, Балыкчы шаарынын кошпогондо). 2 шаар, 31 айыл бар. Борбору Чолпон-Ата шаары, райондун аймагына Балыкчы шаары да кирет.

Табияты.Район Ысык-Көл өрөөнүнүн түндүк бөлүгүн, Күнгөй Ала-Тоонун түштүк капталын ээлейт. Жеринин бети тоолуу, тоо этеги адырлуу түзөң. Түзөң бөлүгү көл жээгиндеги түздүктөргө, тоо этегиндеги адырлар тилкесине туура келет. Эң бийик жери 4770 м (Чок-Тал чокусу).

Кен байлыктары: молибден, вольфрам, жез, курулуш материалдары, минералдуу суулар, дары баткактар жана башкалар. Климаты мелүүн континенттик. Жайы салкын, июлдун орточо температурасы 17—18°С. Кышы жумшак, январдыкы —5°...—10°С. Жылдык жаан-чачыны батышында 118,9мм, чыгышында 236,1 мм. Район аркылуу Кичи-Ак-Суу, Долоноту, Карагай-Булак, Чок-Тал, Чоң-Ак-Суу, Чолпон-Ата, Чоң-Өрүктү, Тору-Айгыр жана башкалар суулар агат. Бозомук күрөң, кара коңур, шалбаалуу талаа, токой, шалбаа топурактары басымдуулук кылат. Табигый шарттары бийиктик боюнча өзгөрөт.

Адырларында (1800—2300 м бийиктикте) баялыш, шыбак, ак кылкандуу өсүмдүктөр; көл, суу жээктеринде чычырканак, ит мурун, бөрү карагат, терескен таралган. 2100—3200 мде токой-шалбаа тилкеси жатат. Күнгөй Ала-Тоонун көлөкөлүү капталдарында 2000метрден жогору теңир-тоо карагайы, арча, четин, ит мурун, 3000 метрге чейин бетеге, дан өсүмдүктөрү өсөт. Бул тилкеде Чоң-Ак-Суу менен Кичи-Ак-Суунун өндүрлөрү абдан кооз. 3000 метрден жогору субальп жана альп, аска-таштуу алкактар жатат. Жаныбарлар дүйнөсү ар түрдүү: кыргоол, коён, уссури жанаты, ондатра; саздак жерлерди ак кытан жана токой чулдугу мекендейт. Токойлорунда түлкү, элик, сүлөөсүн, аюу, карышкыр, кашкулак, тоолорунда тоо эчки, илбирс, аркар, улар жана башкалар учурайт. Тоо талаасында суур көп. Күзүндө Казакстандан, Сибирден көп суучул куштар (ак куу, каз, өрдөк) келип, Ысык-Көлдө кыштайт. Көлдүн жээк бөлүгүн Ысык-Көл мамлекеттик коругу ээлейт.

Калкы.Негизинен кыргыз 74,2% (1992), орус (23,9%), казак, украин, өзбек, татар, уйгур жана башкалар жашайт. Калкынын көбү Ысык-Көлдү бойлой отурукташкан. орточо жыштыгы 1 чарчы/чакырымга 21 киши. Шаар калкы 18%.Чарбасы.

Райондун экономикалык негизин курорт чарбасы жана айыл чарба түзөт. Өнөр жай начар өнүккөн. Балык комбинаты жана заводу (Григорьев айлында), механикалаштырылган токой чарбасы жана калкты турмуш тиричилик жактан тейлөөчү кичи ишканалар жана кооперативдер бар. Балыкчылык өнүккөн; жылына 17—20 т балык кармалат. 3 колхоз, 2 совхоз, 11 кооперативдик чарба жана ассоциация бар (1993). Уяң жана чала уяң жүндүү кой, уй, жылкы багылат. Айыл чарбасынын дүң продуктусунун 60,6%ин мал чарбасы берет. 1993-жылы айыл чарбага жарактуу жери 198,5 миң га (бүт жер аянтынын 55,5пайызды), анын ичинде айдоо 26,6 миң га, жайыт 169 миң га, көп жылдык өсүмдүктөр 2,2 миң га, чабынды 1,3 миң га болгон.

Айдоо аянтынын 95пайызды сугарылат. Дан эгиндери (10,4 миң га тоют өсүмдүктөрү (15,6 миң га), картөшкө (1,2 миң гага жакын), жашылча (0,2 миң га) айдалат. 1992-жылы 39,2миң т эгин, 11,4 миң т картөшкө, 1,8 миң т жашылча, 3,1 миң т мөмө жемиштер жыйналган. 1992-жылы райондо 149,4миң кой, эчки, 15,1 миң бодо мал (анын ичинде топоз 2633), 5,4 миң жылкы, 279 чочко, 320 миң үй куштары болгон. Ошондой эле район 3,8 миң т эт (тирүүлөй салмакта), 7,1 миң т сүт, 539,5т жүн даярдаган. №54 жылкы заводунда асыл тукум таза кандуу жылкы багылат. Ысык-Көл өрөөнү боюнча бардык курорт-дарылоо мекемелеринин 82 пайызы ушул райондун аймагында жайгашкан. 1992-жылы 180 миң киши дарыланып эс алышкан. Автомобиль жолу өнүккөн.

Бишкек - Каракол авто жолу райондун аймагы аркылуу өтөт. Жай мезгилинде Ташкен - Чолпон-Ата - Ананьев, Алматы - Чолпон-Ата - Ананьев, Бишкек - Чолпон-Ата маршруттары каттайт. Кеме катнашы жайкысын гана болуп, негизинен эс алуучуларды тейлейт (экскурсия). Чолпон-Ата шаарындагы аэропорт Бишкек, Алматы, жай мезгилинде Ош, Каракол, Талас, Ташкен жана башка шаарлар менен байланышат.

Элге билим берүү, маданият, саламаттык сактоо. 1992/93-окуу жылында 30 орто мектепте 14 миң окуучу окуп, 1,1 миң мугалим эмгектенген. 27 мектепке чейинки балдар мекемелеринде 2,6 миңден ашык бала тарбияланган. 1993-жылы борбору китепкана 33 бөлүмү менен, 34 клуб, 58 киноустановка болгон.

Райондук «Ысык-Көл оттору»,«Огии Иссык-Куля» гезиттери чыгат. Райондук оорукана, бейтапкана, участкалык оорукана, «Чолпон-Ата» республикалык учукка каршы балдар санаторийи жана башкалар Ысык-Көл районунун медициналык-санитариялык мекемелери иштейт.Ысык-көл районунун айылдары.Райондун аймагы 12 айыл кеңешине бөлүнүп, ага 27 айыл кирет.Райондогу ири айыл Ананьев айылы.

Ананьев айыл кеңешинин борбору. Бишкек-Каракол авто жолунун боюнда. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 50 чакырым, темир жол станциясы Балыкчы шаарынан 130 чакырым чыгыш, облустун борбору Карасол шаарынан 92 чакырым түндүк-батыш тарапта. Калкы 10621 (1993). Айылда 2 орто мектеп, оорукана, 5 бала бакча, клуб, китепкана, музей бар. Тамак-аш комбинаты, сүт заводу иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.Бактуу-ДолонотуБостери айыл-кеңешине караштуу айыл.

Бишкек-Каракол авто жолунун боюнда. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 3 чакырым, темир жол станциясы Балыкчы шаарынан 78 чакырым чыгыш тарапта. Калкы 3778 (1993). Айылда орто мектеп, китепкана, клуб бар. Айылдын аймагында 6 эс алуу жайы, ошондой эле айыл четинде мамлекеттик жылкы заводунун ипподрому жайгашкан.БостериАты уйкаш айыл кеңештин борбору.

Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 8 чакырым, Балыкчы темир жол станциясынан 88 чакырым чыгыш тарапта. 1931-жылы негизделген. Калкы 7119 (1993). Айылда 2 бала бакча, 2 мектеп, 2 клуб, врач-амбулаториясы, ателье, автобаза бар. Айылдын жанында 20 эс алуу жайы жайгашкан.Булан-СөгөттүКум-Бел айыл кеңешине караштуу. Бишкек—Каракол авто жолунун боюнда. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 18 чакырым, темир жол станциясы Балыкчы шаарынан 93 чакырым чыгыш тарапта. 1927-жылы негизделген.

Калкы 1792 (1993). Айылда орто мектеп, бала бакча бар. Айылдын жанында 5 эс алуу үйлөрү бар.Григорьев айылыАты уйкаш айыл кеңешинин борбору. Чоң-Ак-Суунун жана Бишкек - Каракол авто жолунун боюнда. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 30 чакырым, темир жол станциясы Балыкчы шаарынан 111 чакырым чыгыш тарапта. 1900-жылы негизделген. Калкы 6280 (1993).

Нан заводу иштейт. Айылда орто мектеп, бала бакча, 5 дүкөн, 3 китепкана, 2 клуб, тиричилик жактан тейлөөчү кичи ишкана, участкалык оорукана, фельдшер-акушердик пункт бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.Григорьев-пристаныГригорьев айыл кеңешине караштуу айыл, Балыкчы—Каракол авто жолунан 8,8 чакырым түштүк, темир жол станциясы Балыкчы шаарынан 113,5 чакырым, райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 38,5км чыгыш тарапта. Калкы 465 киши (1993). Айылда бала бакча, клуб, фельдшер-акушердик пункт, китепкана бар. Балык комбинаты, дан эгиндерин даярдоо комбинаты, наабайкана, отун базасы иштейт.

Жаркымбаев айылыЖ. Абдрахманов айыл кеңешине караштуу. Бишкек - Каракол авто жолунун боюнда. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 65 чакырым, Балыкчы шаарынан 140 чакырым чыгыш тарапта. 1894-жылы негизделген. Калкы 2015 (1993). Айылда орто мектеп, клуб, фельдшер-акушердик пункт, китепкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Айыл советтик Союзунун Баатыры К. Жаркымбаевдин ысымынан аталган.Кароол-ДөбөЖ.

Абдрахманов айыл кеңешине караштуу айыл. Калкы 615 (1993). Айылда орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, клуб бар. Кара-Ой аты уйкаш айыл советинин борбору. Бишкек—Каракол авто жолунун боюнда. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 3 чакырым батыш, темир жол станциясы Балыкчы шаарынан 70 чакырым чыгыш тарапта. 1911-жылы негизделген.

Калкы 4005 (1993). Айылда орто мектеп, клуб, бала бакча, 3 китепкана, фельдшер-акушердик пункт, музей жана башкалар бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакка жакын 13 эс алуу жайы жайгашкан.КашатТемир айыл кеңешине караштуу айыл.

Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 30 чакырым, темир жол станциясы Балыкчы шаарынан 108 чакырым чыгыш тарапта. Калкы 2817(1993). Айылда орто мектеп, бала бакча, фельдшер-акушердик пункт, клуб, китепкана жана башкалар бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.КожоярСемёнов айыл кеңешине караштуу айыл. Бишкек—Каракол авто жолунун боюнда. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 40 чакырым, темир жол станциясы Балыкчы шаарынан 120 чакырым чыгыш тарапта. Калкы 2633 (1993). Айылда орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, клуб, китепкана бар.КорумдуКум-Бел айыл кеңешинин борбору.

Бишкек—Каракол авто жолунун жана Корумду суусунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 25 чакырым, темир жол станциясы Балыкчы шаарынан 100 чакырым чыгыш тарапта. 1927-жылы негизделген. Калкы 1909 (1993).

Айылда орто мектеп, бала бакча, китепкана, клуб, фельдшер-акушердик пункт, врачтык бөлүм, тиричилик жактан тейлөөчү кичи ишкана бар. Айылдын четинде 5 эс алуу жайы жайгашкан. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Айылда залкар комузчу Карамолдо туулган.Кош-КөлТамчы айыл кеңешине караштуу айыл. Бишкек - Каракол авто жолунун боюнда, Райондук борбору Чолпон-Ата шаарынан 45 чакырым батыш, темир жол станциясы Балыкчы шаарынан 35 чакырым чыгыш тарапта. Калкы 412 (1992).Кызыл-ӨрүкТору-Айгыр айыл кеңешине караштуу. Бишкек-Каракол авто жолунун боюнда.

Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 65 чакырым батыш, темир жол станциясы Балыкчы шаарынан 15 чакырым чыгыш тарапта. Калкы 255 (1993).Орто ӨрүктүӨрүктү айыл кеңешине караштуу айыл. Бишкек-Каракол авто жолунун боюнда. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 74 чакырым, темир жол станциясы Балыкчы шаарынан 147 чакырым чыгыш тарапта. Калкы 1374 (1993).

Айылда орто мектеп, китепкана, фельдшер-акушердик пункт бар.ӨрнөкЧоң-Сары-Ой айыл кеңешине караштуу айыл. Бишкек - Каракол авто жолунун боюнда. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 20 чакырым батыш, темир жол станциясы Балыкчы шаарынан 68 чакырым чыгыш тарапта. 1930-ж негизделген. Калкы 1394 (1993). Айылда мектеп, фельдшер-акушердик пункт, клуб бар.Өрүктүаты уйкаш айыл кеңешине караштуу айыл. Бишкек-Каракол авто жолунун боюнда. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 74 чакырым чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 174 чакырым.

Калкы 628 (1993). Айылда орто мектеп, балдар бакчасы, фельдшер-акушердик пункт бар.Сары-КамышТору-Айгыр айыл кеңешине караштуу айыл. Бишкек-Каракол авто жолунун боюнда. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 73 чакырым батыш, темир жол станциясы Балыкчы шаарынан 7 чакырым чыгыш тарапта. Калкы 2251 (1993).

Айылда орто мектеп, клуб, бала бакча, китепкана бар. Канаттуулар фабрикасы, гидрочалгындоо станциясы иштейт.Семёнов (Он-Жети-Карагай)Аты уйкаш айыл кеңешине караштуу айыл. Кичи-Ак-Суунун сол жээгинде, Бишкек - Каракол авто жолуңун боюнда. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 41 чакырым, темир жол станциясы Балыкчы» шаарынан 120 чакырым чыгыш тарапта. 1911-жылы негизделген.

Калкы 3145 (1993). Айылда мектеп, бала бакча, 2 китепкана, клуб, айылдык врач амбулаториясы, дарыкана бар. Ага жакын «Кырчын» турбазасы жайгашкан. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.ТамчыАты уйкаш айыл кеңешине караштуу айыл. Бишкек - Каракол авто жолунун боюнда. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 40 чакырым батыш, темир жол станциясы Балыкчы шаарынан 40 чакырым чыгыш тарапта.

1929-жылы негизделген. Калкы 1768 (1993). Айылда мектеп, балдар бакчасы, участкалык оорукана, маданият үйү, дарыкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.ТемирАты уйкаш айыл кеңешине караштуу айыл. Бишкек-Каракол авто жолунун боюнда. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 21 чакырым, Балыкчы шаарынан жана темир жол станциясынан 104 чакырым чыгыш тарапта.

Калкы 3010 (1993). Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, клуб, китепкана, оорукана, амбулатория, дарыкана, турмуш тиричилик жактан тейлөөчү кичи ишкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Айыл белгилүү саякатчы, уламачы, Күнгөйдө көчмөн элди отурукташтыруу, дыйканчылык кесибине өтүү жолун уюштурган ишмер Темир Усуп уулунун ысмы менен аталган.Тору АйгырАты уйкаш айыл кеңешине караштуу айыл. Бишкек - Каракол авто жолунун боюнда. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 60 чакырым батыш, темир жол станциясы Балыкчы шаарынан 20 чакырым чыгыш тарапта. 1871-жылы негизделген. Калкы 1978 (1993). Орто мектеп, балдар бакчасы, фельдшер-акушердик пункт, амбулатория, маданият үйү, китепкана бар. Айылда академиктер И. К. Ахунбаев, С. Илъясов туулган.

Чок-ТалЧоң-Сары-Ой айыл кеңешине караштуу айыл. Бишкек - Каракол авто жолунун боюнда. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 35 чакырым батыш, темир жол станциясы Балыкчы шаарынан 45 чакырым чыгыш тарапта. 1910-жылы негизделген. Калкы 1529 (1993).

Айылда мектеп, фельдшер-акушердик пункт, клуб, китепкана бар. Айылдын четинде 12 эс алуу жайы жайгашкан. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.Чет-БайсоорунАнаньев айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 55 чакырым чыгыш тарапта. Калкы 186(1993).

Чоң-ӨрүктүӨрүктү айыл кеңешине караштуу айыл. Бишкек - Каракол авто жолунун боюнда. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 68 чакырым, темир жол станциясы Балыкчы шаарынан 144 чакырым чыгыш тарапта. 1924-жылы негизделген. Калкы 1659 (1993). Айылда мектеп, бала бакча, амбулатория, дарыкана, маданият үйү, турмуш тиричилик жактан тейлөө үйү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Чоң-Сары-Ой аты уйкаш айыл кеңешине караштуу айыл.

Бишкек - Каракол авто жолунун боюнда. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 15 чакырым батыш, темир жол станциясы Балыкчы шаарынан 70 чакырым чыгыш тарапта. 1931-жылы негизделген. Калкы 2659(1993). Айылда мектеп, клуб, бала бакча, айылдык врач амбулаториясы, турмуш тиричилик жактан тейлөө үйү, спорт комплекси бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Айыл четинде 4 эс алуу жайы жайгашкан.ЧырпыктыТамчы айыл кеңешине караштуу айыл. Бишкек - Каракол авто жолунун боюнда. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 45 чакырым батыш, темир жол станциясы Балыкчы шаарынан 38 чакырым чыгыш тарапта.

Калкы 1669 (1993). Айылда мектеп, бала бакча, фельдшер-акушердик пункт, клуб, китепкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Айыл четинде 2 эс алуу жайы курулууда.Ысык-көл районунун ирригациялык курулмалары1989-жылы райондун 33,2 миң га жери Орто-Өрүктү, Ачык-Таш, Чоң-Байсоорун, Орто-Байсоорун, Чет-Байсоорун, Тегирменти, Кичи-Ак-Суу, Чоң-Ак-Суу, Ат-Жайлоо сууларынын 30 сугат системасы аркылуу сугарылган. Башкы суу алгыч курулмаларынын эң ирилери: Чоң-Ак-Суу (суу өткөрүмдүүлүгү 52 м/сек), Кичи-Ак-Суу (42 м/сек), Чоң-Өрүктү (30 м/сек), Чоң-Байсоорун (25 м/сек) сууларында. «Фрегат», «Волжанка» жамгырлатма сугат машиналары, «Интерсигма» насос станциясы пайдаланылат. Ирригация курулмалары райондук сугат тармактар башкармасына (Бактуу-Долоноту айылына) карайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)