Ысык-Ата кум-шагыл кени


Ысык-Ата кум-шагыл кени Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Кант шаарынан 15 км түштүк-чыгыш тарапта, Ысык-Ата суусунун кашатында, деңиз деңгээлинен 827–959 м бийиктикте. 1968- жана 1990-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын антропогендин аллювий чөгүндүлөрү түзөт. Пайдалуу кум-шагыл катмары негизинен жумуруланып жылмаланган гранит, диорит, сланец, кумдук, акиташ тектеринин сыныктарынан турат. Калыңдыгы 270 м, узундугу 1,5 км, жазылыгы 150 мге жетет. Гранулометриялык курамы ар түрдүү. Кесек шагыл 50%, кум 24%. Кум ири бүртүкчөлүү, бир аз чаң аралаш. Шагыл алдын ала майдаланып, кум жуулгандан кийин «300», «400» маркасындагы бетон даярдоого жарамдуу. Запасы А категориясы боюнча 8390 миң м3, В – 29857 миң м3, С1– 76791 миң м3 А+В+С1 – 115038 миң м3.

2016-08-11 44 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11