Ысак кызы Токтобүбү


Токтобүбү Ысак кызы (ханзуча: 托汗·依莎克, 1966-жылдын аяк оона (сентябр) айынын 12синде Кытайдагы Акчий ооданында туулган) - Кытайдагы "Манас" эпосунун изилдөөчүсү, филология илимдеринин кандидаты, доцент. Теги кыргыз. Ушул тапта Бээжинде жашайт.

Токтобүбү (Токон) Ысак кызы 1966-жылдын аяк оона (сентябр) айынын 12синде Кытай Эл Республикасынын (Жуңго) ШУАРына караштуу Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун Акчий ооданынында төрөлгөн.

1988-жылы Үрүмчү шаарында Шинжаң университетиндеги Кытай (Жуңго) тил-адабият факультетин бүтүрүп, автоном райондук адабият-көркөм өнөрчүлөр бирикмеси фольклор изилдөө коомунда атайын курулган «Манас» эпосун изилдөө секторунда кызмат жолун баштап, Жуңго кыргыздарынын «Манас» эпосун изилдөө, эл ооз адабият чыгармаларын чогултуу, басмага даярдоо, үгүттөө жана изилдөө кызматтарын белсене иштеген.

Токон Ысак кызы окууну бүтүп кызматка чыгары менен залкар манасчы Жусуп Мамай айткан «Манас» вариантын иреттеп, басмадан чыгаруу кызматына туш келип, «Манас» изилдөө ишканасы 1988-жылдан 1992-жылга чейин аралыкта чыгарган ички пайдалануу материалынын 5 китебин, ары 1989-жылдан 1995-жылга чейин аралыкта жарык көрүп таратылган 16 китептин жана 2004-жылы кайрадан басылган эки томдуу толук нускасынын текшерип, басмадан чыгаруу кызматына катышып, сегизинчи бөлүм «Чигитей» (Ж. Мамай вариантты 8-урпак бөлүгү, кыргыз тилинде, Шинжаң эл басмасы, 1995-жыл. Ал 2004-жылы Кыргызстан жана араб жазуусунда кайра жаңыртылып басылды) менен Эшмат Мамбетжүсүптүн вариантындагы «Семетейди» (кыргыз тилинде, Кызылсуу кыргыз басмасы. 2003-жылы биринчи жолу, 2009-жылы экинчи жолу басылган) өз алдынча иреттеп, басмага сунуштаган.

ШУАРдын Или-Казак автоном облусуна караштуу Текес ооданындагы Көктерек айылын жердеген манасчы Сатыбалды Аалынын вариантынан 17000 сапты жазмага алып, иреттеп чыккан.

Кыргыз элдик адабиятынын «үч топтом» кызматына катышып, оодан, өлкө даражалуу жыйнактарын тандап, бекитип, басмадан чыгаруу кызматтарына катышып, «Жуңго кыргыз элдик ырлар жыйнагы» (кыргыз тилинде, биргелешкен авторлукта - Кызылсуу кыргыз басмасы, 2004-жыл), «Кыргыз эл жөө жомоктор жыйнагынын» 4-китеби (кыргыз тилинде, биргелешкен авторлукта - Шинжаң эл басмасы, 1998-жыл), «Манас» эпосун үгүттөп, жайылдыруу боюнча бөлөк калемгерлер менен авторлошуп «Манас эпосунун окуяларынан кыскача баян» (Шинжаң эл басмасы, кыргыз тилинде, биргелешкен авторлукта - 1995-жыл) китептерин чыгарган.

«Манас» эпосун үгүттөп, жайылдыруу максатында уйгур тилиндеги кара сөз котормосун иштеп чыгып, уйгур тилиндеги «Мурас» журналынын 2000-, 2001-жылдарындагы жалпы сегиз санында уландуу жарыяланган.

Көп жолу алыскы тоолуу райондорду кыдырып текшерүүдө болуп, биринчи кол элдик адабият, фольклордук материалдарды жыйнап, толумдуу болгон коомдук текшерүү баяндамаларын, ары изилдөө макалаларын жарыялаган.

2005-жылы кызмат орду Бээжин шаарындагы Борбордук улуттар университетинин аз сандуу улуттар институту, казак тил-адабият факультетине которулуп, окутуу кызматтарын башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенип келет.

2000-жылы илимий адистиги боюнча адис изилдөөчү (доцент) илимий даражасын алган.

Токон Ысак кызы күйөөсү Адыл Жуматурду уулу менен авторлошуп жазган «Залкар манасчы Жүсүп Мамайдын өмүр баяны» аттуу эмгек 2002-жылы Ички Моңгул унверситети басмасынан ханзу тилинде, 2007-жылы 12-айда борбордук улуттар басмасынан кирилл жазуусунда, 2014-жылы Кыргызстандын Бишкек шаарында «Принт-экспресс» басмасынан жарык көргөн.

Токон Ысак кызы «Жуңго кыргыздарында "Семетей" эпосунун мазмун курулмалык өзгөчөлүгү» (Кыргызстан, «Бийиктик» басмасы, 2011-жыл) темасында диссертациясын ийгиликтүү коргоп, 2011-жылы Кыргызстан улуттук илимдер академиясына караштуу Ч. Айтматов атындагы тил жана адабият институту менен Жусуп Баласагун атындагы мамлекеттик улуттук университетинин тең төрагалыгында филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган (Жуңгодо филология илимдеринин доктору, "Ph. D." деп таанылды).

Анын кандидаттык диссертациясы: Исак кызы, Т. Жунго кыргыздарында «Семетей» эпосунун мазмун курулмалык өзгөчөлүгү. - Адистиги 10.01.09 – фольклористика. - Филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертация. - Бишкек, 2010. - 135 бет. - Илимий жетекчиси Самар Мусаев.

2011-жылы Бээжиндеги Борбордук улуттар унверситетинин аз сандуу улуттар институту жагынан "кыргыз тил-адабияты магистр жетекчиси" болуп шайланып, Жуңгодогу жалгыз кыргыз тил жана адабияты боюнча магистр, аспирант тарбиялоо укугун алган биринчи жетекчи мугалим болду.

«Манас» эпосу, кыргыз маданияты боюнча 60тай изилдөө макалалары жарык көрүп, айрым макалалары Жапония, Түркияда которуп басылган.

Токон Ысак кызы «Манас» эпосун изилдөө боюнча алгач эпостук кейипкерлер образын изилдөөдөн баштап, «"Манас" эпосундагы аялдар образы жөнүндө» (1986-жылы Үрүмчү шаарында ачылган тунгуч кезектик «Манас» талкуу жыйынында окулган), «Каныкейдин көркөм образына алгачкы чалгын» («"Манас" изилдөөсү», Шинжаң эл басмасы, 1994-жыл), «Мифтик образдардын тиби - Айчүрөк» (1994-жылы «Манас» эл аралык талкуу жыйынына сунушталган макала) макалалары менен изилдөөгө тереңдеп кирген.

Ал залкар манасчы Жүсүп Мамайдын манасчылыгы боюнча «Жүсүп Мамай кыргыз эл ооз адабиятынын кампасы» («Кызылсуу гезити» 1998-жыл, 3-октябрдагы саны), «"Жүсүп Мамай таануу илими" жөнүндө алгачкы ойлор» («Кызылсуу адабияты», 1998-жыл, 4-сан), «Жүсүп Мамай вариантынын мазмун курулмалык өзгөчөлүгү» (Кыргызстан илимдер академиясынын "Тил, адабият жана көркөм өнөр талкуусу" журналынын 2008-жылдык 1-, 2-кошмо саны), «Жүсүп Мамайдын мамлекет ичы-сыртында изилденүү жагдайы» («Кызылсуу адабияты» 2012-жыл, 1-сан), «Кыргызстан илимпоздорунун залкар манасчы Жүсүп Мамайга болгон таанымы, ары баасы» («Шинжаң кыргыз адабияты», 2014-жыл, 5-саны) «Жүсүп Мамай "Манасты" кандай айтты?» (2014-жыл, 5-айда Талас шаарында өткөн "Заманыбыздын залкар манасчысы Жүсүп Мамай" аттуу эл аралык талкуу жыйындын макалалар жыйнагына кирген), «Жүсүп Мамайдын "Манас" эпосуна кошкон салымы» (2014-жылы, 26-28-сентябрында Үрүмчү шаарында өткөн тунгуч кезектик "Манас" айтуу жана коргоо талкуу жыйынында окулган), «Жүсүп Мамайдын оозеки жөрөлгө боюнча "Манас" эпосун жайылдыруу, сактоо боюнча орчундуу түйүндөрдү чечмелөө» (2014-жылдын 26-27-октябрында борбор Бээжин шаарында ачылган мамлекеттик коомдук илим фондунун «"Манасты" унверсал изилдөө» боюнча манасчыларды изилдөө талкуу жыйынында окулган) макалалары менен Жүсүп Мамайды түйүн кылган негизде манасчылар кубулушун чечмелеген.

Андан тышкары ал «Эпосчулук илими жана кыргыз эпосу» («Шинжаң кыргыз адабияты», 2000-жыл, 3-саны), «"Манас" эпосунун кыргыз тарыхы менен болгон байланышы» («Кызылсуу гезити» 1991-жыл, 13-августтагы саны), «"Манастын" беш түрдүү вариантындагы "Көкөтөйдүн ашы" бөлүгүн салыштырып изилдөө» («Улуттук адабият изилдөөсү», 2003-жыл, 3-сан), «"Манас" эпосунун түрдүү варианттарындагы баатыр Манастын аты-жөнүнүн өзгөчө маанисин чечмелөө» («Элдик адабият секциясы», 2013-жыл, 4-сан), «Памирде жоголгон "Манас"» («Улуттук адабият изилдөөсү», 2012-жыл, 6-сан) сыяктуу кыргыз тил, тарых, маданияты менен байланышкан көп багыттуу текстологиялык, варианттык изилдөөлөрдү жарыялаган.

Т. Ысак кызы 2014-жылы Бээжиндеги Борбордук улуттар университетинин алдыңкыы катардагы университет куруу долбоорунун алкагындагы Жуңго азчылык улуттар тил-адабият институтунун атайын каржылык түрүнө - «,Манас>, эпосу энциклопедиялык сөздүгүн» түзүү түрүнө ээ болду.

«Манас» таануучу Токтобүбү (Токон) Ысак кызы мына ушундай алгылыктуу эмгектеринин аркасында Кытайдагы «Манас» таануу жана Жүсүп Мамай таануу илимине зор салым кошуп келет.

Токтобүбү Ысак кызынын учурдагы шакирти - аспирант Айтмамбет Бейшебай (Бээжин шаары). Ал азыр В. Жирмунскийдин дастан таануудагы салымын изилдеп жатат.

Т. Ысак кызы 2000-жылы илимий адистиги боюнча адис изилдөөчү (доцент) илимий даражасын алган.

Т. Ысак кызы 2011-жылы Кыргызстанда филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган.

«Залкар манасчы Жүсүп Мамайдын өмүр баяны» эмгеги үчүн Токтобүбү Ысак кызы жубайы, профессор Адыл Жуматурду менен бирге 2004-жылы 2-айда Шинжаң Уйгур автоном району бойунча «Теңир-Тоо адабият-көркөм өнөр сыйлыгына», 9-айда Жуңго эл ооз адабият-көркөм өнөрчүлөр коомунун экинчи кезектик «элдик өнөрпоздор Тоо гүлү сыйлыгына» татыйт.

Ал эми 2010-жылы 7-айда автоном райондук үч чоң жыйнактын (элдик жөө жомоктор, элдик ырлар, элдик макал-лакаптар) түзүүчүсү жана редактору катары «үлгүлүү редактор» сыйлыгына, 6-айда Жуңго элдик адабият-көркөм өнөрчүлөр коомунун эл ооз адабиятына «салым кошкон ардагер» сыйлыгына ээ болот.

2007-жылы Шинжаңда казак-кыргыз адабияты боюнча 8-жолу өткөн сынакта «дулдул» адабият сыйлыгына ээ болгон.

2011-жылы ал Кыргызстанда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин «Ардактуу профессору» наамын алат.

Жубайы - белгилүү окумуштуу, кыргыз таануучу, манас таануучу, профессор Адыл Жуматурду уулу.

Бир уул (Бекзат), бир кызы (Перизат) бар. Бекзат, Перизат деп алардын аттарын залкар манасчы Жусуп Мамай (1918-2014) өзү коюп берген.

Учурда Бээжин шаарында турушат.

тилинде), 1994. –155-198-беттер, Жапония. Нагойа Гакуин университети журналы (жапон тилинде), 2000. № 1-2 жана манасчынын 75,80,85,90 жашын куттуктоо жыйынына атап чыгарган кыргыз тилиндеги Гезит жана журналдын атайы баш бет тааныштыруу макалалары.

2016-08-11 55 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11