Ыса Жумабек уулу


Жумабек уулу Ыса - Нарын өөрөнүнөн чыккан семетейчилердин бири. Ал 1884- жылы күзүндө Нарын аймагындагы мурунку Тянь-Шан (азыркы Нарын) районуна караштуу Жерге-Тал деген жерде туулган. 1970-жылы ошол эле Нарын районунун Тогуз-Булак деген жеринде дүйнөдөн кайткан.
Ысанын вариантын жазуу иши 1959-жылы Токон Казиев тарабынан башталып(айрым үзүндүлөрү жазылса да) негизинен 1966-жылы Академиянын "Манас" секторунун илимий кызматкери Сапар Бегалиев тарабынан жыйналып, кол жазмалар фондусуна (инв №4033, 4065, 5168) өткөрүлгөн. Ошентип , Ыса Жумабек уулу тарабынан 30000(отуз миң) ыр сабынан ашыгыраак "Семетейдин" материялдары жыйналган.
1994-жылы Нарын районунун коомчулугу Ыса Жумабек уулунун 110 жылдык маарекесин өткөрүүгө байланыштуу, анын вариянтын чыгарууга да жардам беришип, натыйжада анын "Семетейин" басмадан жарык көргөн. Ыса Жумабек уулу боюнча Токон Казиев менен Жанаркан Турдакунованын "Семетейчи Ыса Жумабек уулу деген илимий популярдуу китепчесин 1997-жылы жарыкка чыкты.
Бул китепченин авторлорунун жазган маалыматтары боюунча Ыса "Манас", "Семетей" бөлүмдөрүнүн экөөүн тең толук билген айтуучу болгон экен. Алар минтип жазышат: "Ыса "Манастан" айта билсе дагы андан жазылып калган эмес. Тек кана "Семетей" варианты 35000 сапка чейин жазылып калган. Ысанын көзү тирүү кезинде толук варианты жазылып алынбаган. "Ал киши "Манас", "Семетейди" гана айтпастан, укмуштуу жөө жомокторду, майда эпостордон "Жаңыл-Мырза", "Эр-Төштүк", "Курманбек", "Кедейкандарды" айтуучу экен.
Эми Ыса Жумабек уулунун "Манас" , "Семетей" бөлүмдөрдүн кимдерден угуп-үйрөнүп, кандайча өздөштүргөнү тууралуу айрым маалыматтарга токтололу . Ысанын ата тегинде манасчылыкты кесип кылып келишкен адамдар болбогон көрүнөт. Чоң аталаш тууганы Ысанын ата-бабаларынын, үй-бүлөсүнүн тарыхын жакшы билген Токон Казиев мындайча жазат: "Бул кишинин (Ыса) "Манас" айтып калуусуна чындыгында эле Тянь-Шандык манасчылар мектеби таасир эткен деп чекит койсок туура болгондой". Албетте, Ыса жашаган чөлкөмдө улуу манасчы Тыныбек жашап өткөндүгү белгилүү. 1922-26-жылдарда улуу манасчы Сагынбай ошол Атбашы, Нарын өрөөндөрүндө жайлап-кыштап жүрүп өзүнүн вариантын Ы. Абдырахмановго жаздырганы да маалым. Демек, Ыса өзүнүн балалык жана өспүрүм учурларында мындай таасирлүү чыгармачылык чөйрөдөн четте калбагандыгы , алардын айткандарынан көп жолу угуп – көрүп өзүнчө таалим алып жүргөндүгү да күмөн туудурбайт. Ошондой эле , Ыса манасчылык өнөрдү эпостун традициялык нускасын бир гана айтуучулардан үйрөнгөн деген сыяктуу көз караштан алыс туруп , жалпы чыгармачылык чөйрөнүн таасирин негизги фактору деп эсептесек, чындыкка туура келет.
Ыса "Манас", "Семетей" бөлүмдөрүн өздөштүрүү процесинде көптөгөн айтуучулардан үйрөнүп таалим алгандыгына, манасчы блууга өзүнө талапты каттуу койгон дилгир угуучу болгондугуна толук ишенүүгө болот. Ал өзү эпосту өздөштүрө баштаган мезгилинде төмөнкүдөй окуяларды башынан өткөргөндүгүн эскерип айтуучу экен: " Бала кезинде Бас-Кыя деген айылдан кунан минип келатып суу боюунда чоң ак боз үй, жанындагы тамыда ак боз ат байланып турганын көрүп боз үйгө киргендигин мындайча айтат: "Кирсем төшүнө чейин күмүштөй аппак сакал жайкалган бир адам төрдө отурган экен. Мен тиги белгисиз аксакалга салам айттым. Саламымды алик алды да , тигил аксакал адам мага көз көрүнөө эле "Балам, мындан ары сен манас айтасың" деди. Андан аркысын билбеймин, жинди немече талаада эсим ооп, ырдап жаткан кебетемде кечке жуук айылдаштарым көрүшүп, үйгө алып келишкен экен. Кийин биздин үйдүн алдында чоң саз болотурган, ошол жерге барып, чалкамдан жатып калып, өзүмчө Манас айта турган болдум. Муну Түөм (Кыдыраалы) баамдап жүргөн бейм, бир күнү мени чакырып алып, "бир коюуңду сойгунуң да, айылдагы аксакалдардан бата ал, балам" - деп, калды. Үйгө келип кой союп, элди чакырып жайланып отурушкандан кийин, Түкөм "Ага-туугандар, Жумабектин бул жетимчисине "Манасты" айт деп байан берсе керек. Мен эки-үч сапар талаада кыңылдап өзүнчө "Манас" айтып жаткандыгын көрүп калгандай болдум батаңарды бергиле. Сен болсоң мындан ары күңкүлдөп талаада ырдабай, ачыкка чыгып эчнерседен тайманбай айта бер, балам" - деп, менин "Манас" айтуудагы биринчи тушоомду ыраматылык Түкөм (Кыдыраалы) кескен болчу деп айткан экен.
Ысанын айткан "Семетейинде" Каныкей өзүнүн башынан өткөн окуяларын Семетейге түшүндүрүп берген учурунда Манастын сөөгүн көп душмандар билбесин деп Бакайдын кеңеши менен Эчкилүүнүн зоокасына коюшканын эскертет. Манастын күнбөзүн кандай салдырганы тууралуу баян кылат. Анда мындай ыр саптары бар:

Алты жүз эркеч майына,

Кыш бышырып бек салдым

Алты кылым өткөнчө

Турар бекен деп салдым.
Бул туруктуу ыр саптары бардык манасчылардын вариянтарында айтылат десекболот. Ушул сыяктуу эл урунтуу учурларда сүрөттөлгөн көрүнүштөргө берилген мүнөздөмөлөрдө дагы толуп жаткан традициялык формулалардын орток жалпылыктарын жалпы варияеттардан көп эле учуратабыз. Демек, "Манас" үчилтик традицич боюунча айтуучулар тарабынан муундан муунга өткөрүлүп келатканын айгинелейт. Ыса Жумабек уулунун айтуусундагы " Семетей" бөлүмү эпостун традициялык элдик нускасын туруктуу сактаган, анын окуяларын болсун, негизги каармандарын болсун, элде айтылып келаткан традициялык стилде сүрөттөп, баяндап берген, Ысанын чыгармачылык сыдыргысынан өткөрүлүп калыптанган чакан вариянтардын биринен деген жыйынтык чыгарсак болот.

1. Семетейчи Ыса Жумабек уулу. – Бишкек, 1994. 17-бет.
2. Семетейчи Ыса Жумабек уулу.13-бет.
3. Аталган китеп, 14-бет.
4. Атлган китеп, 12-13-беттер.
5. Аталган эмгек, 19-бет.
6. Юнусалиев Б. М. Тандалган эмгек.-Ф., 1985.-448-бет.
7. Кыргыз адабиятынын тарыхы том-2 Бишкек, 2004.

2016-08-11 66 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11