Ырдык


Тескей Ала-Тоонун түндүк капталынан башталып, Ысык-Көлгө куйган суу.
Узундугу 28 км, алабынын аянты 300 чарчы/чакырым. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2600 м.
Акжайлоодогу көлдөн башталып, сол куймасы Кызылжар кошулгандан кийин капчыгайдан өтүп өрөөнгө чыгат. Ысык-Көлгө 2–3 км калганда Ырдык (башы Челпек аталат) аттуу оң куймасы кошулат.
Алабында жалпы аянты 4 чарчы/чакырым келген мөңгүлөр, 0,15 чарчы/чакырым келген 3 көл бар.
Негизинен кар, мөңгү (85%) жана жамгыр (15%) сууларынан куралат.
Жылдык орточо чыгымы 1,32 м3/сек, эң көбү июнда (5,72 м3/сек), эң азы февралда (0,29 м3/сек) байкалат Сугатка пайдаланылат (андан жалпы суу өткөрүмдүүлүгү 2,66 м3/сек 6 сугат каналы башталат).
Боюнда Ырдык кыштагы жайгашкан.

2016-08-11 62 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11