Ынтымак айылы Талас


Ынтымак айылы (Совет заманы учурунда "Калинин" деп аталган) – Талас облусунун Бакай–Ата районунун аймагындагы айыл.

Кыргызстандын Талас облусунун борборунан 15-18, район борборунан 20 чакырымдай алыстыктагы жайгашкан.

Айылда учурда эки миңдей кожолук бар. Бирок жашоочуларынын бери дегенде 500дөйү эмгек миграциясында жүрүшөт.
Эки айылдын кармагындагы айдоо жердин көлөмү үч миң гектарга барабар. Айылда орто мектеп, маданият үйү, мечит бар.

Тарыхый маалыматарга караганда, айылдын аймагына биринчилерден болуп, 18-19 – кылымда немис калкы келип отрукташкан.
Бул айылдын калкынын дээрлик жарымын немис улутундагы калк түзүүчү. Алардын акыркылары тарыхый мекени – Германия Федеративдүү Республикасына 1995-жылга чейин көчүп кетишкен. Анткен менен бир кездеги айылдаштары менен байланышын сактап келишүүдө.

Коңшу Түйтө айылы менен бирге Шадыкан (айылдын 1930-жылдары басмачылык кыймыл менен күрөш учурунда таанылган тургуну) айыл өкмөтүнүн курамына кирет.

Мурдагы депутат Орозбек Дүйшеев жана мурдагы Мамлекеттик катчы Эсенбек Дүйшеев сыяктуу кыргыз саясатчылары, таанымал кардиохирург Айдар Шералиев, саанчы, немис улутундагы Мина Отт айым (мурдагы СССР парламентинин депутаты), журналист Улан Эшматов ушул айылдан чыккан.

Айылдагы немистердин басымдуусу тарыхый атажуртуна - Германияга 1990-жылдары журт которушкан менен, айыл калкы менен карым-катнашын ырааттуу улантып келет.

2016-08-11 87 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11