Ылаачын


Ылаачын (Falco peregrinus) — кара ылаачын, шумкарлардын бир түрү. Falco peregrinus илимий аталышы англис окумуштуусу Танстелл, Мармадюк тарабынан киргизилген. Ал 1771 ж. ылаачынды өзүнүн "Ornithologia Britannica" эмгегинде систематикалуу сүрөттөп чыккан.

Ылаачындын чоңдугу ителгиден кем эмес. Алардын өңдөрү кара чаар, кызыл чаар, көк чаар болот. Ылаачындын алкым жүндөрү ак болот. Баш жүндөрү кара. Кара "муруту" бар. Денесинин узундугу 34-50 см, канатынын чабыты - 80-120 см. . Башка куштардай эле ылаачындын ургаачылары эркектеринен чоңураак келип, 910 -1500 г. салмакта болушат. Эркектеринин салмагы 440-750 г. Ылаачын Антарктидан башка баардык континеттерде таралган. Болумуна жана түспөлүнө жараша 17 түрчөсү бөлүп таанылат.

Дүйнөдөгү эң ылдам канаттуу, дегин эле, эң ылдам жандык. Адистердин баалосунда ылаачын шукшурулуп тепкенде ылдамдыгы 322 км/с же 90 метр/сек. чейин жетет. Бирок, сызып учуу ылдамдыгы боюнча карлыгачка жете албайт - 120-180 км/с..

Ылаачын ителгиден да учкул. Ителги алгандын баарын алат. Мүнүшкөрлөр ителги сыяктуу эле ылаачынга да томого катып салышат. Эгер томогосу жок болсо, алса-албаса да, жетсе-жетпесе да, алыс-жакынына карабай, көзүнө көрүнгөнгө жулуна берип, мүнүшкөрдү убара кылат. Аңды көргөндө асманга атып чыгып, кайра тик ылдый сайылып, бүттарын бүгүп, денесине кысып келип тебет. Тепкендеги күүсү ушунчалык катуу болгондуктан чоң эле чымчыктардын башы үзүлүп кетет.

Көбүн эсе орто көлөмдүү чымчыктарга аңчылык кылат: көгүчкөндөр, чыйырчыктар, өрдөктөр. Жыныстык жетилиши эки жашында. Жуптар түбөлүк сакталат. Көбүнчө жалама аскаларды, кээде саздын өңгүл-дөңгүлдөрүн жана таш курулуштардын төбөсүн уялашат.

2016-08-11 39 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11