Выглазoв Григорий Исаевич


Выглазoв Григорий Исаевич 1919, Батыш Сибир крайы, Шайдурово кыштагы (азыркы Сузун району) – 16. 5. 1942, Крым, Баксы (азыркы Глазовка) кыштагына жакын жер – Советтер Союзунун Баатыры (1943). Советтер Армиянын катарына Ош облусунун Гүлчө райондук аскер комиссариаты тарабынан чакырылган. Улуу Ата Мекендик согушта Түндүк Кавказ фронт штабынын чалгындоо бөлүмүнүн парашют батальонунда бөлүмдүн командири. Керчь ж. аралдарындагы салгылаштарга катышкан. Керчь ж. аралдарындагы Темиров шаарынын аймагындагы салгылашта душмандын 3 танкасын экипажы менен талкалап, 20 фашистти жок кылып, советтик аскерлерге чабуулун улантууга шарт түзгөн. Ефрейтор Г. И. Выглазов ошол чабуулда курман болгон. Ленин ордени менен сыйланган.

2016-08-11 60 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11