Войнич Этель Лилиан


Войнич Этель Лилиан (11. 5. 1864, Ирландия, Корк шаары – 28. 7. 1960, Нью-Йорк) – англис жазуучусу, котормочу, композитор, англис математиги Ж. Булдун кызы, поляк революционери М. Войничтин аялы. 1887-89-жылдары Россияда, 1920-жылдан Нью-Йоркто жашаган. Анын мыкты чыгармасы «Сайгак» (1897) романында 19-кылымдын 30-40-жылдарындагы италиялык революционерлердин баатырдык образын түзгөн. Роман жаштардын бирден бир сүйүктүү китептеринен болуп, спектакль, фильм, опералардын адабий негизи катары пайдаланылган. «Жек Реймонд» (1901), «Оливия Летам»(1904) үзүлгөн достук» (1910), «Бут кийимиңди чеч» (1945) ж. б. романдардын автору. Булардан тышкары Этель Лилиан бир нече музыкалык чыгармаларды, анын ичинде «Вавилон» ораториясын (1948) жазып, М. Ю. Лермонтов, Н. В. Гоголь, Т. Г. Шевченко, Ф. М. Достоевскийдин чыгармаларын англис тилине которгон.

2016-08-11 30 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11