Власов Юрий Петрович


Власов Юрий Петрович (5. 12. 1935-жылы туулган, Украина, Донецк облусу, Макеевка шаары) – орус спортчусу (оор атлет), СССР спортунун эмгек сиңирген чебери (1959), публицист. 1950-жылдардын аягы -1960-жылдардын башында дүйнөдөгү эң күчтүү спортчу (штангист ). Оор салмак категориясы боюнча Олимпия оюндарынын (1960), дүйнөнүн (1959, 1961-63), Европанын (1959-64), СССРдин (1959-63) бир нече жолку чемпиону. Дүйнөнүн бир нече жолку рекордсмени (1959-67). Россиянын жеңил атлетика (1985) жана атлетикалык гимнастика (1987-88) федерацияларынын, көз карандысыз Пушкин академиясынын (1993-жылдан) президенти. Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын депутаты (1993–95) . 1946-53-жылдары Суворов атындагы аскер окуу жайында (Саратов шаары), 1953-59-жылдары Н. Е. Жуковский атындагы аскер-аба академиясында окуган. Ошол жерде оор атлетика боюнча машыга баштаган. Ал 31 дүйнөлүк рекорд койгон (штанга көтөрүүнүн үч түрүнүн суммасы боюнча рекордду 510 кгдан 580 кгга жеткирген), «Планетанын эң күчтүү кишиси» титулуна ээ болгон. Көптөгөн популярдуу китептердин автору. Ленин ордени менен сыйланган. Чыгармалары: Соленые радости, М., 1976, Огненный крест. М., 1991. Ч. 1-2.

2016-08-11 45 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11