Владимирцов Борис Яковлевич


Владимирцов Борис Яковлевич - профессор, СССР ИАсынын академиги, монгол таануу жаатындагы эң бир көрүнүктүү изилдөөчүлөрдүн бири. Монгол тилдүү элдердин (монголдор, буряттар, ойроттор, солондор ж. б.) тилдери, тарыхы, этнографиясы, адабият тануу багытында жарык көргөн 69 илимий эмгектин автору катары белгилүү. Б. Я. Владимирцов 1884-ж. Калуга шаарында инженер-технологдун үй бүлөсүндө туулган. Башталгыч билимди үй шартында алып, андан кийин Калуга, Владимир ж. б. шаарлардагы гимназияларда окуйт. Андан соң, Санкт-Петербург университетинин кытай-маньжур тилдери бөлүмүнө келип кирет. 1905-1907 жж. Париждеги Сорбонна жана Француз Коллежинде (College de France) тирүү чыгыш тилдери боюнча дарстарды угуп, сабактарга катышкан. Санкт - Петербурга кайтып келип, кайрадан ачылган монгол-маньжур-татар бөлүмүнө кирип, аны 1909-ж. 1-даражадагы диплом менен бүтүп чыгат. Монголистика боюнча таанымал окумуштуулар А. Д. Руднев, В. Л. Котвичтерден билим алат. Чыгыштаануучулар В. В. Бартольд, В. В. Радловдордон түрк дүйнөсү боюнча билим алат, салыштырма тилдерди таануу боюнча белгилүү лингвист И. А. Бодуэна де Куртенэден өтө кеңири маалыматтарды алган эле. 1907-ж. студент мезгилинде Астрахань жана Ставрополь губернияларындагы калмактардын ичине практикага жиберилет. 1908-ж Орто жана Чыгыш Азияны изилдөө боюнча Орус комитети тарабынан Батыш Монголиядагы Кобдос округундагы дэрбэттерге лингвистикалык маалыматтарды топтоо үчүн жиберилет. Бул жаш илимпоз Б. Я. Владимирцовдун өмүрүндөгү бурулуш жылдардан болуп калган эле. 1911-ж. Кобдос аймагында экинчи ирет болот. Жергиликтүү этнографиялык топтордон болгон баит жана хотондордун исинде изилдөөлөрдү жүргүзөт. Манголиядан соң Францияга окууга жиберилип, ал жерден П. Пеллио, Ж. Бедье, А. Мейе сыяктуу белгилүү алымдардан чыгыш тилдери, тилдердин теориясы, фольклор боюнча дарстарын угат, эмгектерин окуйт. 1913-ж. Монголияга эки жарым жылга келет. Дэрбэт, байат, хотогойттордун (батыш монгол тилдери же ойрот тилдери) тилдерин изилдеген, эпи калык маалыматтарды жыйнап, шаман дининин негиздерин иликтейт. Б. Я. Владимирцов монголдордун арасында жылдап жашап, алардын тилдерин, салттуу маданиятын, каада-салттарын, үрп-адаттарын үйрөнгөн. Бул жагдайлар окумуштууга монгол тилин жана тарыхын өздөштүрүүгө жагымдуу шарт түзүп берген. Монголдордун очмөн оор шартына көнгөн окумуштууну жергиликтүү калк өз кишисиндей кабыл алышкан. Сонголиядан кайтып келгенден кийин «Состояние письменности и литературы у ойратских племен Северо-Западной Монголии» и «Обзор племен и наречий Северо-Западной Монголии» аттуу жазылган эмгектердин негизинде дарстарды окуган. "Буддизм в Тибете и Монголии», «Монголо-ойратский героический эпос" деген китептерди жазат. 1922-ж. Берлинде "Чингиз хан" деген китеби немис тилинде жарык көрөт. Б. Я. Владимирцов илимди уюштурууда да зор эмгектерди жасаган. Ленинграддагы Тирүү Чыгыш тилдери институтун негиздеген, Бурятияда, Танну Тувада илим жана билим берүү борборлорун түзүүгө катышкан. Мындан сырткары, «Этнолого-лингвистические исследования в Урге, Ургинском и Кентейском районах», «Надписи на скалах халхаского Цокту-тайджи", 1928-ж. «Сравнительная грамматика монгольского языка и халхаского наречия. Введение и фонетика» аттуу фундаменталдуу эмгектерди жарыкка чыгарган. Ошол жылдары СССР ИАсынын мүчөсү болуп калган. Окумуштуунун фундаменталдуу эмгеги "Общественный строй монголов" (1934) деп аталып, эмгек Б. Я. Владимирцов көз жумгандан кийин жарыкка чыккан. Ал 1931-ж. 47 жаш курагында ооруудан каза болгон.

2016-08-11 36 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11