Вяткин Михаил Порфирьевич


Вяткин Михаил Порфирьевич 9 (21). 8. 1895, Россия империясы, Оренбург шаары – 7. 12. 1967, СССР, Ленинград шаары – тарыхчы, профессор (1946). Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөсү (1954). 1921-ж. Томск университетин бүтүргөн. 1934-жылдан СССР Илимдер Академиясынын Ленинграддагы бөлүмүндө илимий кызматкер, бөлүм башчысы. М. П. Вяткин көчмөн элдердин, анын ичинде казак-кыргыздар жана Россия империясынын 19-20-кылымдардагы социалдык-экономикалык тарыхын изилдеген. Кыргыз ССР тарыхынын 1-, 2-, 3-басылыштарын даярдоодо редактор жана анын авторлорунун бири. «Баатыр Срым» аттуу эмгеги үчүн СССР мамлекеттик сыйлык ыйгарылган (1948). Эмгектери: Социально-экономическое развитие Средней Азии. Ф., 1974.

2016-08-11 44 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11