Вижняна - (санскритче айырмалоо, ажыратып билүү) буддизмдин эки негизги мектебинин бири махаяналар окуусуна таандык, Байыркы Индия таанып-билүү теориясы менен психологиясындагы нерселерди бири-биринен айырмалай алууга, өзгөчөлүктөрүн ажырата билүүгө жөндөмдүү талдоого гана негизделгендикти билдирген түшүнүк. Вижняна боюнча ар кандай мазмундун баарынан ажыратылган таптаза аңсезим гана дүйнөдөгү бирден бир реалдуулук. Ааламдагы сан-түркүн нерсенин баары вижнянанын гана ар кыл көрүнүштөрү. Адам деген шарттуу атама: заттык дүйнө денеден, заттык эмес дүйнө зээнден жана вижняна аңсезимден турат.