Леопольд фон Визе (нем. Leopold Max Walther von Wiese und Kaiserswaldau, 2 декабрь 1876, Глац — 11 январь 1969, Кельн) – немис социологу, формалдуу социологиянын ири өкүлү жана тарапкери. Визенин ою боюнча социологиянын максаты-социалдык кубулуштардын жалпы формаларын изилдөө, андыктан анын теориясынын негизин «мамилелердин социологиясы» деген тезис түзгөн.
Коом Визе боюнча – абстракция, андыктан коомдо белгилүү бир процесстерди чагылдырган адамдар аралык мамилелер гана жашайт.
Ал эми философия менен социологияда кабыл алынган эл, улут деген түшүнүктөр. Визенин теориясы боюнча – абстрактуу топ, мамлекет, чиркөө болсо – абстрактуу коллектив. Визенин идеясы буржуазиялык социологияга белгилүү таасир тийгизген.