Визасыз кирүү


Визасыз кирүү – мамлекетке анын тийиштүү бийлигинен виза (улуксат) алуунун зарылдыгы жок эле ага кирүү В. к. (же кирүү жана чыгуу, эгер ал адатта кирип-чыгуучу визаны (улуксатты) талап кылуучу кыска мөөнөттүү сапар болсо), эреже катары мамлекеттер аралык макулдашуулар менен белгиленет. Ал же адамдардын белгилүү катмарларына (м.: кызмат иштери боюнча келүүчүлөргө) же макулдашууга катышкан өлкөнүн баардык жарандарына таралат. В. к. чындыгында баардык мамлекеттердеги кирип-чыгууга улуксат алуу тартибин жоюп ийбейт жана чегарада кирүү документтерин (чет элдик паспортту ж. б.) көрсөтүү зарылдыгын алып салбайт.

2016-08-11 49 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11