Витте Сергей Юльевич


Витте Сергей Юльевич 17(29). 6. 1849, Россия империясы, Тифлис шаары, 28 (13). 2 (3). 1915, Россия империясы, Петроград шаары – орус мамлекеттик ишмери, Петербург Илимдер Академиясынын ардактуу мүчөсү (1893). Байланыш жана жолдор, финансы министри (1892-93), Министрлер комитетинин (1903-05), министрлер советинин (1905-06) төрагасы. Орус капитализминин өөрчүшүнө көмөктөшкөн саясат жүргүзүп, чет элдик капиталдын тартылышын колдогон. Виттенин демилгеси боюнча шарап монополиясы киргизилип (1894), Сибирь темир жол магистралы курулган, акча реформасы жүргүзүлүп (1897), ага ылайык кредит акчасын алтынга эркин айырбаштоо тартиби орнотулган. Тышкы саясатта орус-француз союзун чыңдоону жактаган. Портсмут тынчтык келишимин (1905) түзгөн делегацияны башкарган. 1905жылдагы революция учурунда ал падыша Николай IIи 17-октябрдагы Манифестти жарыялоого жана мамлекеттик Думаны чакырууга ынандырган. Витте 1906-ж. отставкага чыккан. Падыша өкмөтүнүн тышкы саясатын баяндаган «Эскерүүлөр» (1907-12) эмгегин жазган.

2016-08-11 44 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11