TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Витаминдер

Витаминдер адамдын организминде пайда болуучу же бир аз санда азык зат менен келүүчү нормалдуу зат алмашуу жана тиричилик үчүн зарыл органикалык заттар. 1880-жылы орус окумуштуусу Н. И. Лунин организмге белок, май, углевод, минералдык туз менен суудан башка да заттар керек экенин байкап кийин ал заттар витамин деп аталган, латынча ^Ка - тиричилик. Адам түрдүүлөп, жетиштүү тамактанганда витаминдерди тамак-аш менен кабыл алат. Витаминдер организмдин өсүүсүнө, энелердин боюнда бар кезинде, эмчек эмизгенде, ооруганда жана көп иштегенде, нерв-эмоциялык көп күч талап кылган иште чоң өлчөмдө талап кылынат. Азыркы кезде 30дай витамин белгилүү. А витамини - көрүүнүн курчтугун камсыз кылат. А витамини жетишпегенде тери кубарып, түлөп, ириндүү оорулар менен жабыркайт, чач кургап, өң өчөт, тырмактар сынат. А - витамининин жетишсиздигинин негизги белгилери жарыкты карай албоо, түнкүсүн начар көрүү.

А - витамини жаныбарлардан алынган азыктарда (боордо, балыктын икрасында, майында, сары майда, жумуртканын сарысында) болот. Өсүмдүк азыктарында ал провитаминдер - каротиноид пигменттери түрүндө кездешет. Каротиноиддерге: сабиз, томат, кызыл мурч, көк пияз, ит мурун, чычырканак, четиндин мөмөлөрү бай. Д - витамини сөөктүн өсүшү үчүн керек. Д - витамини организмдеги гормон сымал зат, кальций менен фосфор туздарын сиңирүүгө, алардын сөөк тканына чогулуусуна катышат. Д - витаминин 3-4 жашка чейинки балдар (эгер бул витамин жетишпесе итий болот), боюнда бар жана бала эмизген аялдар көп талап кылат.

Негизинен Д - витамини ультра кызылт - көк нурлардын таасирлеринен кишинин терисинде пайда болот. Д - витамини балыктын боорунда өтө көп, сары май, жумуртканын сарысында балык майында аз санда кездешет. Өсүмдүк продуктуларында болбойт. С витамини - (аскорбин кислотасы) организмдеги кычкылдануунун калыбына келүү процессиндеги негизги ролду ойнойт. С витамининин жетишсиздигинен кара жама (цинга) оорусу пайда болот. Бул витамин негизинен жер - жемиштерде жана жашылча-мөмөлөрдө көп. С - витамини азыктарды ачытууда жакшы сакталат. В1 витамини - организмдеги нормалдуу зат алмашууга айрыкча углевод алмашууга керек. Витаминдин жетишсиздиги тез ачуулануу, чарчоо, тамак сиңирүүнүн бузулуусу менен мүнөздөлөт.

В1 витамини - чанактуу жана дан өсүмдүктөрүнүн акшактарында кездешет. В2 витамини - жаралардын айыгышына түрткү берет, жарыкты көрүү жана түстөрдү ажыратууну камсыз кылат. В6 витамини - кан пайда болуу процессине катышат. Ал жетишпегенде жаш балдардын өсүүсү токтолот, аз кандуулук байкалат. В12 витамининин - жетишсиздигинен да аз кандуулук пайда болот.

Жогорудагы витаминдер оору эле эмес соо кишиге да керек. Эгер дени соо адам канчалык көп иштесе ошончолук көп витамин талап кылат. Ал эми жазында өзгөчө керек. Витаминдер нормалдуу тиричилик үчүн өтө керек, бирок өлчөмүнөн ашып кетиши организмге өтө оор терс таасирин тийгизет.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 13568, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо/Пикирлер