Витамин


Витамин В5, п а н т о т е н – –-аланиндин пантотен кислотасы менен кошулмасынын продуктусу. Сууда ээрийт. В. В5 май к-талары менен амин к-таларын активдештирүүгө катышат. Жашыл өсүмдүктөр, микроорганизмдер, а. и. ичеги флорасы синтездейт. Ачыткы, боор, жумуртканын сарысы, шроттор, жмых (күн караманын майы алынгандан кийинки калдыгы) картошка, сабиз, кызылча ж. б-да көп. Бул витаминдин жетишсиздигинде жаныбарлар арыктап, аппетити жоголот, ичи өтөт, тери оорулары пайда болот, малдын жүнү, кылдары түшөт, карынында, ичегилеринде шишиктер пайда болот, канаттуулардын көзү ириңдеп, жабышып калат. Адамдын чачы агарат.

2016-08-11 46 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11