Вискоза буласы


Вискоза буласы — табигый целлюлозаны хим. ыкма менен иштетүүдөн алын-ган була. Аны даярдоо төмөнкү этаптан турат: вискоза эритмесин даярдоо, формага келтирүү жана кургатуу. В. б. колдонулушуна жараша текстиль жиби, корд (бөлөк булалар менен аралаш), шта-пель булалары түрүндө чыгарылат. Орг. эриткичтер көпчүлүгүнүн таасирине туруктуу. Формалин катышуусунда диметилсульфоксидде (ДМСО), N2О4 катышуусунда диметилформамидде (ДМФА), төртүнчүлүк аммоний негизде-ринде эрийт. Концент. минерал-дык к-талар, Н2О2 ж. б. окистендиргичтер, 180-200°С УФ-нур жана бактериялар таасиринде, курт жегенде бузулат. 180°С күйөт. В. буласын алуу арзан жана андан даярдаган кездемелер түрдүү түскө жакшы боёолуп, гигиеналык жакшы сапаттары менен айырмаланат. Бирок суу кезинде бышык эмес, бат бырышат, сүрүлүүгө чыдамсыз келет. Ошондуктан, аны модификациялоо менен бышыктыгын жогорулатат. В. б. жибек, штапель жана кебез же жүн кошулган кездемелер, тор жана абдан бышык тех. буюмдар жасоодо да колдонулат.

2016-08-11 205 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11