Вирус оорулары


Вирус оорулары (вирустар) – козгоогуч оорулар. Алар менен киши, айбанаттар, куштар, балыктар, өсүмдүктөр, бактериялар ооруйт. Вирустардын клеткалар менен өз ара аракетинен түрдүү жугуштуу оорулар пайда болуп, тез өөрчүгөндө клетка өлөт. Кээде вирус клеткага өзүнүн зыяндуу таасирин көпкө чейин билгизбей, оору узакка созулуп, өнөкөт түрүндө өтөт. Катуу кармаган вирус инфекциясына караганда билинбей өтүүчү инфекция (учук, полиомиелит, грипп, энцефомиелит ж. б. оорулар) көп кездешет. Бул ооруларды пайда кылган вирустар организмде көпкө чейин (айрым учурда өмүр бою) билинбей сакталат. Айлана-чөйрөнүнүн ар кандай терс таасиринин (суукка урунуу, күн жана рентген нурлары, химиялык заттар, психикалык стресс ж. б.) натыйжасында клеткада билинбей жаткан вирустар жанданып, алардын оору козгоо жөндөмдүүлүгү жогорулайт. Кээ бир Вирус ооруларында жалпы дене жабыркайт жана ууланат (кызылча, грипп, чечек, кутурма ж. б.), айрымдарында тери же былжыр чел (учук, папиллома), орган жана ткань (жүрөк, булчуң, боор) сезгенет, ошондой эле лейкоздор (кандын рак оорусу) жана коркунучтуу шишик (саркома, рак) ж. б. түрүндө да өтөт. Вирустуу гепатит, кызылча, грипп, туберкулёз, полиомиелит, суучечек ж. б. оорулар кеңири таралган Вирус ооруларына кирет. Алар аба, тамак-аш, сүт, суу, түрдүү буюмдар, курт-кумурска (кене, чиркей) аркылуу жугат. Дарылоо оорунун белгилерине жараша жүргүзүлөт. Ооруну алдыналууда оорулууну өз убагында ооруканага жаткыруу, оорунун негизги булактарын жоготуу зарыл. Вирус оорулары катталып, статистикалык эсепке алынып турат. Чечек, вирустуу сары безгек оорулары боюнча Эл аралык карантин конвенциялары бар. Вирус ооруларына каршы эмдөөлөр жүргүзүлөт.

2016-08-11 301 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11